2019-жылда жашоо минимумунун эң жогорку нарктык өлчөмү Жалал-Абад облусунда, эң төмөнкүсү Талас облусунда байкалды

Publications: 17.01.2020


Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26 - майындагы №170 «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 «Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө токтомуна» ылайык жүргүзүлөт.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

2019-жылда жашоо минимумунун көлөмү жан башына 4 806,32 сомду түзүп, 2018-жылга салыштырганда 0,3 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн өлкөнүн региондору боюнча карасак, эң жогорку нарктык өлчөм Жалал-Абад облусунда (5 175,99 сом), эң төмөнкү Талас облусунда (4 310,09 сом) байкалды.

2019-жылдагы территория боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын (корзина) курамы тамак-аш азыктарынын 32 аталышын камтыйт, алардын керектөөчүлүк ченемдери  калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты.

Азык-түлүк баштыгынын (корзина) энергетикалык баалуулугу орточо 2101 ккал түзөт, ал эми  анын химиялык курамы 73 гр. белокту жана 71 гр. майды камтыйт.

Тамактануунун мүнөзү көбүнчө калктын кирешелеринин экономикалык деңгээлине  жана ыңгайына, ошондой эле үрп адат маданиятына байланыштуу.

Калктын тамактануусунун химиялык курамы жана энергетикалык баалуулугу тамак аш продуктуларынын бекитилген нормативинен айырмаланат. Калктын социалдык-демографиялык топтору боюнча, энергетикалык баалуулук пенсия курагындагы калкта жана эмгекке жөндөмдүү курактагы калкта жашоо минимумунун азык-түлүк корзинасынан жогору болгону байкалат. Бирок 1 ден 3 жашка чейинки балдарда төмөн калориялуулук байкалат.

Күнүмдүк муктаждык жана 2019-жылдын I жарым жылдыгында изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү керектөөнүн балансы
(ккал демографиялык топтор боюнча, күнүнө жан башына)

  

КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын официалдык сайттарында жайгаштырылган ыкчам маалыматтарга ылайык Жашоо минимумунун эң жогорку мааниси Россияда, эн төмөнкүсү Кыргызстанда байкалды.

Айрым өлкөлөрдөгү жашоо минимумунун чоңдугу
(АКШ доллары менен, улуттук валютанын курсу боюнча)

 

_____________________________________________________________________________

 Үй чарба статистикасы бөлүмү  |   e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg;   тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 17.01.2020, 21:48