2018-жылдагы камсыздандыруу компанияларынын ишмердигинин талдоосу

Publications: 16.04.2019


2018-жылы камсыздандыруу ишмердигин 22 компания жүргүздү. Камсыздандыруу компанияларынын дүң кирешелери  2017-жылга салыштырмалуу 6,4 пайызга (же 79,8 млн. сомго) өсүп, 1329,4 млн. сомду түздү, муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 82,2 пайызы же 1092,7 млн. сому) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 3 пайызга (же 33,9 млн. сомго) өсүп, 1151,8 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу компанияларынын каражаттарын сарптоонун негизги багыттары кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдар (чыгымдардын жалпы суммасынын 43,5 пайызы) жана ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдар (32,1 пайыз) болуп саналды.

Финансылык-чарбалык ишмердиктин натыйжалары боюнча 2018-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 177,6 млн. сом өлчөмүндө теңдемдик пайда алынды, бул 2017-жылга салыштырганда 34,9 пайызга көп. 12 компания рентабелдүү болуп эсептелди, алар тарабынан 205,9 млн. сом пайда алынды, ал эми 7 компания рентабелдүү эмес болуп, 28,3 млн. сом өлчөмүндө чыгым тартты.

2018-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 372,6 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2017-жылга салыштырганда 2,2 эсеге же 200 миң келишимге көп. Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 92,8 пайызы жеке жактар, 7,2 пайызы юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Келишимдердин эң көп саны ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдеринин үлүшүнө (түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 72,7 пайызы же 270,8 миң бирдик) туура келди. Муну менен бирге алардын саны 2017-жылга салыштырганда 2,6 эсеге же 165,1 миң келишимге көбөйгөн.

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча бир катар мыйзам актыларынын кабыл алынышы менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин санынын өсүшү белгиленди. 2017-жылга салыштырганда алардын жалпы саны жарымдан көп эсеге же 35 миң бирдикке көбөйдү жана 101,8 миң келишимди түздү (муну менен бирге 2016-жылы алардын саны 11,6 миң түзгөн).

График:  Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

алпы санына карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2018-жылдын аягына карата 1182,3 млрд. сомго жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 35,3 пайызга же 308,5 млрд. сомго көбөйдү. Камсыздандыруу суммасынын өсүүсү ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери менен камсыздалды.

Өткөн жылдагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 8,8 пайызга өсүп, 1092,7 млн. сомду түздү.

2018-жылы камсыздандыруу учурларынын саны  8,7 миң бирдикти түздү, бул 2017- жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 2017-жылдагы 111,6 млн. сомдон 2018-жылдагы 126,2 млн. сомго чейин көбөйгөн. Муну менен бирге негизи төлөмдөрдүн суммасы ыктыярдуу  мүлктүк  (59,9 млн. сом)  жана жеке камсыздандырууга (48,3 млн. сом)  туура келди.

2018-жылдын аягына карата камсыздандыруу компанияларынын активдеринин наркы 4131,3 млн. сомду түзүп, бир жылдын ичинде 6,4 пайызга көбөйдү. Жылдын аягына карата камсыздандыруу уюмдарынын милдеттенмелери 569,2 млн. сом өлчөмүндө аныкталды,  бул 2017-жылдын деңгээлинен 16,2 пайызга көп. Бул мезгил ичиндеги менчик капиталы 5 пайызга көбөйүп, жылдын аягына карата 3562,1 млн. сомду түздү.

Таблицасы: Камсыздандыруу компанияларынын активдери, милдеттенмелери жана капиталы

(мезгилдин аягына карата, млн. сом )

 

2017

2018

Активдер

3 883,4

4 131,3

Жүгүртүү активдери

2 612,9

2 586,9

анын ичинен: Кыска мөөнөттүү инвестициялар

1 837,0

1 771,8

Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер

1 270,5

1 544,3

анын ичинен: Узак мөөнөттүү инвестициялар

856,5

1 030,9

Милдеттенмелер

489,7

569,2

Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер

440,9

509,3

анын ичинен: Камсыздандыруу резервдери

261,7

371,7

Узак мөөнөттүү милдеттенмелер

48,8

59,8

Менчик капитал

3 393,7

3 562,1

анын ичинен: Уставдык капитал

3 027,9

3 112,3

________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 16.04.2019, 14:03