2019-жылдын I кварталында камсыздандыруу компанияларынын ишмердигинин талдоосу

Publications: 31.05.2019


2019-жылдын I кварталында республиканын финансы секторунда 17 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүштү. Мындан тышкары, эки камсыздандыруу компаниялардан ишмердикти жүргүзүү лицензиясы кайра чакырып алынды жана бирөө өнүгүү стадиясында турган. Камсыздандыруу компанияларынын дүң кирешелери  2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 42,5 пайызга өсүп, 339,0 млн. сомду түздү, муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 79,0 пайызы же 267,8 млн. сому) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 41,4 пайызга өсүп, 290,1 млн. сомду түздү.

Камсыздандыруу компанияларынын каражаттарын сарптоонун негизги багыттары кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдар (чыгымдардын жалпы суммасынын 37,1 пайызы) жана ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдар (30,5 пайыз) жана камсыздандыруу төлөмдөрү (15,9 пайыз) болуп саналды.

Финансылык-чарбалык ишмердиктин натыйжалары боюнча 2019-жылдын январь-мартында камсыздандыруу компаниялары тарабынан 48,9 млн. сом өлчөмүндө теңдемдик (баланстык) пайда алынды, бул  былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,5 эсеге көп. 12 компания рентабелдүү болуп эсептелди, алар тарабынан 53,9 млн. сом пайда алынды, ал эми 5 компания рентабелдүү эмес болуп, 5,0 млн. сом өлчөмүндө чыгым тартты.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында камсыздандыруу компаниялары 48,0 миң камсыздандыруу келишимдерин түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 65,5 пайызга аз. Келишимдердин жалпы санынын ичинен дээрлик 83 пайызы жеке жактар менен 17 пайызы - юридикалык жактар менен келишимдер түзүлдү.

 

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

 (жыйынтыка карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдердин камсыздандыруу суммасы үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата абалы боюнча өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 27,5 пайызга көбөйүп, 141 млрд.сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын көбөйүшү өз ыктыяры менен болгон мүлктү камсыздандыруу жана милдеттүү жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимдерине туура келди.

Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын I-кварталына салыштырганда 40,9 пайызга көбөйүп, 267,8 млн. сомду түздү.

Камсыздандыруу учурларынын саны үстүбүздөгү жылдын I-кварталында 2,1 миң түздү, бул 2018-жылдын салыштырмалуу мезгилине караганда 1,5 эсеге көп. Төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү ушул салыштырылып жаткан мезгилде 2,2 эсеге көбөйүп, 46,0 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги көлөмү ыктыярдуу  мүлктүк  (жалпы көлөмдүн 63 пайызына жакын)  жана жеке камсыздандырууга ( 29 пайызына)  туура келди.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 31.05.2019, 11:21