Үстүбүздөгү жылдын башынан бери КММга болгон баалар өстү

Publications: 11.10.2018


Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар жалпы республика боюнча 9,2 пайызга өстү, муну менен бирге, дизель майынын баасы 14,5 пайызга, бензин - 8,4 пайызга жогорулаган.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында 2017-ж. жылдын декабрына салыштырмалуу дизель майына болгон баалардын максималдуу өсүшү (19,8 пайыз) жана бензинге болгон (11,8 пайыз) Нарын облусунда катталды. Ошол эле убакта, дизель майына болгон алардын минималдуу өсүүсү (8,9 пайыз) Ош облусунда, бензинге (3,5 пайыз) Ош шаарында белгиленген.

1-график: 2018-жылдын январь-сентябрында күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү

(мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен;өсүшү +)

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери А-80 маркасындагы бензинге болгон баалар Бишкек шаарынды (16 пайызга же 1 литр үчүн 5,78 сомго) эң жогорку даражада өстү. А-92 маркасындагы бензинге болгон баалар Нарын облусунда (11,2 пайызга же 4,33 сомго), А-95 маркасындагы бензин - Ысык-Көл облусунда (9,6 пайызга же 1 литр үчүн 4,08 сомго) жана Нарын облусунда (9,6 пайызга же 1 литр үчүн 4,01 сомго) эң көп жогорулады.

1-таблица: 2018-жылдын январь-сентябрында түрдүү маркадагы бензинге болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү

(мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен; өсүшү +)

 

А-95 маркасындагы автоунаа

бензини

А-92 маркасындагы автоунаа

бензини

А-80 маркасындагы автоунаа

бензини

Кыргыз Республикасы

6,5

6,8

12,5

Баткен облусу

0,8

5,2

5,2

Жалал-Абад облусу

6,0

8,2

8,5

Ысык-Көл облусу

9,6

9,0

15,0

Нарын облусу

9,6

11,2

14,9

Ош облусу

7,1

4,4

4,1

Талас облусу

4,2

4,1

8,2

Чүй облусу

7,1

8,2

14,5

Бишкек ш.

7,1

7,2

16,0

Ош ш.

3,9

3,1

3,5

Мурдагыдай эле, башка аймактарга салыштырмалуу, бардык маркадагы бензиндердин жана дизель майынын орточо керектөө бааларынын жогорку деңгээли Баткен облусунда сакталды.

2-таблица: Күйүүчү-майлоочу материалдардын аймактар боюнча орточо керектөө баалары

(1 литр үчүн сом менен)

 

А-95 бензини

А-92 бензини

А-80 бензини

Дизель майы

2017-ж. декабры

2018-ж. сентябры

2017-ж. декабры

2018-ж. сентябры

2017-ж. декабры

2018-ж. сентябры

2017-ж. декабры

2018-ж. сентябры

Кыргыз Республикасы

43,14

46,13

40,96

43,98

36,67

40,83

39,25

44,60

Баткен облусу

46,85

47,70

44,06

46,13

40,78

42,06

42,44

46,33

Жалал-Абад облусу

43,86

46,09

41,42

44,63

37,16

39,71

39,49

43,87

Ысык-Көл облусу

41,72

46,02

39,52

42,72

35,45

39,92

37,77

43,75

Нарын облусу

41,95

45,46

38,94

42,87

35,80

39,96

37,26

44,55

Ош облусу

42,72

45,62

42,86

44,79

39,03

40,46

41,02

44,58

Талас облусу

43,85

45,70

40,87

42,63

37,36

40,05

38,60

43,58

Чүй облусу

42,49

45,44

39,62

43,14

35,63

40,49

38,20

43,84

Бишкек ш.

42,83

46,22

40,36

43,69

35,74

41,17

38,69

44,71

Ош ш.

45,14

46,38

43,77

45,46

39,83

40,81

42,00

45,27

2017-жылдын октябрынан тартып 2018-жылдын августуна чейин бензинге жана дизель майына карата баалар туруктуу түрдө өстү. Үстүбүздөгү жылы дизель майына болгон баалардын өзгөчө курч көтөрүлүшү январда (3,5 пайызга мурунку айга салыштырмалуу), июнунда - бензинге (3,7 пайызга мурунку айга салыштырмалуу) байкалган. 2018-жылдын сентябрында баалар дизель майына 0,5 пайызга өстү, ал эми бензинге – бир аз төмөндөдү.  

2-график: 2017-2018-жылдардагы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын өзгөрүшү

(мурунку айга карата пайыз менен; өсүшү +, төмөндөшү -)

_____________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;             |тел. + 996 (312) 625825, 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлүрдү таратканда пайдалануучулар алардын булагын күрсүтүүгү милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 12.10.2018, 11:42