2018-жылдагы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон чекене баалардын талдоосу. 2018-жылы КММга болгон баалар 10,7 пайызга өстү.

Publications: 17.01.2019


2018-жылы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар жалпы республика боюнча 10,7 пайызга өстү, анын ичинен дизель майынын баасы - 18,5 пайызга, бензин – 9,5 пайызга жогорулаган.

2018-жылдын декабрында 2017-жылдын декабрына салыштырмалуу дизель майына (22,7 пайыз) жана бензинге (12,4 пайыз) баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталды. Ошол эле убакта, дизель майына болгон алардын минималдуу өсүүсү (14,4 пайыз) Ош облусунда, бензинге (4,5 пайыз) – Баткен облусунда белгиленген.

1-график: 2018-жылдын январь-декабрында күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү

(мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен;өсүшү +)

2018-жылдын январь-декабрында А-80 маркасындагы бензинге болгон баалар Бишкек шаарынды (17,5 пайызга же 1 литр үчүн 6,31 сомго) эң жогорку даражада өстү. А-92 маркасындагы бензинге болгон баалар Нарын облусунда (11,3 пайызга же 4,54 сомго), А-95 маркасындагы бензин - Ысык-Көл облусунда (10,9 пайызга же 1 литр үчүн 4,63 сомго) эң көп жогорулады.

1-таблица: 2018-жылдын январь-декабрында түрдүү маркадагы бензинге болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү (мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен; өсүшү +)

 

А-95 маркасындагы автоунаа

бензини

А-92 маркасындагы автоунаа

бензини

А-80 маркасындагы автоунаа

бензини

Кыргыз Республикасы

7,6

7,8

13,7

Баткен облусу

1,3

5,7

5,7

Жалал-Абад облусу

6,6

8,2

9,2

Ысык-Көл облусу

10,9

9,9

17,2

Нарын облусу

10,1

11,3

16,0

Ош облусу

8,9

5,6

5,1

Талас облусу

5,3

3,7

6,6

Чүй облусу

8,2

8,7

14,8

Бишкек ш.

8,2

8,1

17,5

Ош ш.

5,2

5,5

4,2

Мурдагыдай эле, башка аймактарга салыштырмалуу, бардык маркадагы бензиндердин жана дизель майынын орточо керектөө бааларынын жогорку деңгээли Баткен облусунда сакталды.

2-таблица: Күйүүчү-майлоочу материалдардын аймактар боюнча орточо керектөө баалары

   (1 литр үчүн сом менен)

 

А-95 бензини

А-92 бензини

А-80 бензини

Дизель майы

2017-ж. декабры

2018-ж. декабры

2017-ж. декабры

2018-ж. декабры

2017-ж. декабры

2018-ж. декабры

2017-ж. декабры

2018-ж. декабры

Кыргыз Республикасы

43,14

46,53

40,96

44,12

36,67

41,71

39,25

46,52

Баткен облусу

46,85

48,10

44,06

46,59

40,78

43,13

42,44

49,49

Жалал-Абад облусу

43,86

46,74

41,42

44,86

37,16

40,64

39,49

46,40

Ысык-Көл облусу

41,72

46,35

39,52

43,44

35,45

41,56

37,77

45,63

Нарын облусу

41,95

46,17

38,94

43,49

35,80

41,68

37,26

45,36

Ош облусу

42,72

46,87

42,86

45,18

39,03

40,98

41,02

46,90

Талас облусу

43,85

46,17

40,87

42,37

37,36

39,84

38,60

44,26

Чүй облусу

42,49

46,00

39,62

43,00

35,63

40,95

38,20

45,51

Бишкек ш.

42,83

46,35

40,36

43,64

35,74

42,05

38,69

46,31

Ош ш.

45,14

47,47

43,77

46,17

39,83

41,56

42,00

48,10

2018-жылы дизель майына болгон баалардын өзгөчө курч көтөрүлүшү январда (3,5 пайызга мурунку айга салыштырмалуу), июнунда - бензинге (3,7 пайызга мурунку айга салыштырмалуу) байкалган.

2-график: 2017-2018-жылдардагы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын өзгөрүшү

 (мурунку айга карата пайыз менен; өсүшү +, төмөндөшү -)

_____________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;             |тел. + 996 (312) 625825, 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 17.01.2019, 09:53