КМШ өлкөлөрү боюнча жашоо минимумунун түзүмүнүн талдоосу жана динамикасы

Publications: 22.11.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын  минималдуу топтому, тамак-аш азыктарынын  топтомунун химиялык курамы жана  энергетикалык баалуулугу, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасы камтылган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык көлөмүн эсептеп чыгарат.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмү

(процент менен)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694

токтому менен бекитилген

Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын (корзина) курамы тамак-аш азыктарынын 32 аталышын камтыйт, алардын керектөөчүлүк ченемдери  калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты.

Азык-түлүк баштыгынын (корзина) энергетикалык баалуулугу орточо 2101 ккал түзөт, ал эми  анын химиялык курамы 73 гр. белокту жана 71 гр. майды камтыйт.

Көпчүлүк Шериктеш өлкөлөрдө жашоо минимумунун көлөмү  мыйзамдык түрдө түзүлөт, керектөө баштыктарынын (корзина) курамдары КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн тиешелүү органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана климаттык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрү менен байланышкан олуттуу айырмачылыктар бар.   

КМШ өлкөлөрүндө жашоо минимумунун көлөмү  

(улуттук валютада жана улуттук валюталардын АКШ долларына карата жылдык орточо курстары боюнча;
бир баш деп алгандагы эсептөө, бир айда)

Улуттук валюта бирдиги

АКШ доллары

 

2016

2017

2018

2016

2017

2018

Азербайжан, манат

136

155

173

85

90

102

Беларусия,

белорус рубли

 

173

 

192

 

214 1)

 

87

 

100

 

106

Казакстан, тенге

21612

23783

28620 4)

63

73

79

Кыргызстан, сом

4794

4901

4655 2)

69

71

68

Молдова, лей

1799

1862

1896 3)

90

101

114

Россия, рубль

9828

10088

10451 2)

147

173

160

Украина, гривен

1388

1604

1777 2)

54

62

66

КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча

  1. Жашоо минимумунун бюджети 2018-жылдын 1-ноябрынан  2019-жылдын 31-январына чейин түзүлдү.
  2. 3-квартал.
  3. 1-жарым жылдык.
  4. октябрь

Эмгек акынын түзүлгөн минималдуу өлчөмү эмгекке жөндөмдүү элдин жашоо минимумунан 2017-жылдын декабрында Беларусияда жана Украинада гана, тийиштүүлүгүнө жараша, 1,2 жана 1,8 эсеге ашкан; башка КМШ өлкөлөрүндө ал жашоо минимумунун төмөн болгон.

Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү менен эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн катышы

(улуттук валютадагы бирдик)

 

2018

Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү, улуттук валютада

Эмгек акынын минималдуу өлчөмү (ЭАМӨ)

Жашоо минимумунун көлөмүнө карата пайыздар менен ЭАМӨ  

Азербайжан, манат

183

130

71

Беларусь, белорусия рубли

230

305

133

Казакстан, тенге

  30128

28284

94

Кыргызстан, сом

5204

1662

32

Молдова, лей

2015

1000

50

Россия, рубль

11310

9489

84

Украина, гривен

1841

 

3723

 

202

Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттардын көрсөткүчтөрү менен  жашоо минимумунун көлөмүнүн окшоштуруп салыштыруусу калкты социалдык коргоо тармагында мамлекеттик саясатты мүнөздөйт.

ЖМ көлөмү жөнүндө маалымат УСКнын расмий сайтына квартал сайын жайгаштырылат жана ал мобилдик тиркемеде да жеткиликтүү.

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгы     

Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

 

| e-mail:NKerimalieva@stat.kg;  |  тел. + 996 (312) 324691

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 

 

 


Last updating: 11.12.2018, 09:09