2019-жылдагы калкка микрокредит берүү рыногу боюнча тенденциялардын талдоосу

Publications: 26.03.2020


Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 2019-жылы 30 188,2 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 624,5 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны мурунку жылга салыштырганда 29,6 пайызга (142,6 миң адамга), ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 7 072,0млн. сомго көбөйгөн.

 Кыргыз Республикасы боюнча калкка микрокредиттердин берилиши 

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,0пайызы), Бишкек ш. (19,2 пайызы), Жалал-Абад (14,0 пайызы) жана Чүй облустарынын (13,9 пайызы) алуучуларына берилген.

Аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,
миллион сом

Алуучулардын саны,
миң адам

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

1 326,0

2 015,4

152,0

39,2

58,7

149,8

Жалал-Абад облусу

3 089,1

4 238,0

137,2

78,6

110,4

140,5

Ысык-Көл облусу

2 576,4

3 326,5

129,1

52,9

67,4

127,4

Нарын облусу

1 735,1

2 162,3

124,6

41,0

48,5

118,2

Ош облусу

4 638,4

6 327,6

136,4

110,2

145,6

132,1

Талас облусу

645,8

888,2

137,5

17,1

22,5

131,7

Чүй облусу

3 493,2

4 191,2

120,0

63,1

73,8

116,9

Бишкек ш.

4 661,2

5 808,3

124,6

61,5

75,4

122,6

Ош ш.

951,0

1 230,8

129,4

18,3

22,2

121,5

 

2019-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,2 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 28,3 пайызы керектөөчүлүк кредиттерине, 12,6пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

 Кыргыз Республикасындагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2019-жылы өткөн жылга салыштырганда 2,3 пайыздык пунктка көбөйүп, 93,4пайызды түздү. 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 26.03.2020, 16:20