2020-жылдын I жарым жылдыгында калкка микрокредиттерди берүү рыногундагы тенденциялардын талдоосу

Publications: 19.08.2020


Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 16 114,7 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 382,8 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 30 пайызга жакын, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 17,3 пайызга көбөйдү.

1-график: I жарым жылдыктагы калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош (3 653,8 млн. сом, же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,7 пайызы) жана Жалал-Абад (2 563,5 млн. сом же 15,9 пайыз) облустарынын, Бишкек ш. (2 248,6 млн. сом же 14,0 пайыз), ошондой эле Чүй (2 060,3 млн. сом же 12,8 пайыз) жана Ысык-Көл облустарынын (1 798,6 млн. сом же 11,2 пайыз) алуучуларына берилген.

1-таблица: I жарым жылдыктагы аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

872,2

1 366,8

144,6

27,3

40,1

146,5

Жалал-Абад облусу

1 910,7

2 563,5

132,7

52,5

69,6

132,6

Ысык-Көл облусу

1 550,0

1 798,6

128,0

33,1

40,9

123,5

Нарын облусу

1 009,9

1 159,2

127,2

23,4

26,2

111,9

Ош облусу

2 834,4

3 653,8

133,6

67,6

102,0

151,0

Талас облусу

404,6

569,3

147,5

10,8

13,8

128,0

Чүй облусу

1 897,8

2 060,3

120,6

35,0

38,3

109,5

Бишкек ш.

2 688,1

2 248,6

133,1

34,7

36,6

105,5

Ош ш.

573,9

694,6

138,1

10,6

15,4

145,3

 
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 34,9 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,8 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарына, 10,4 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

2-график: I жарым жылдыктагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши  

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында бекитилген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 4,1 пайыздык пунктка азайуу менен 90,2 пайызды түздү.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 19.08.2020, 16:17