Берилген микрокредиттердин 36 пайызынан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга багытталган

Publications: 18.11.2021


2021-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 27,4 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, аны алган алуучулардын саны 490 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10%га кыскарды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 17%га өстү.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,4%), Бишкек ш. (17,8%), ошондой эле Чүй (14,2%) жана Жалал-Абад (14%) облустарынын алуучуларына берилди.

2021-жылдын 9 айында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36% ашыгы  керектөөчүлүк муктаждыктарга багытталды, 30% жакыны - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,  10% ашыгы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 9% жакыны - курулушка багытталды. Муну менен бирге 2020-жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун олуттуу көбөйүсү - 9,5 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 3,8 пайыздык пунктка кыскарды.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  

  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2021-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,9 пайыздык пунктка азайуу менен 91,2 пайызды түздү.

___________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2021-жылдын 18-ноябры


Last updating: 18.11.2021, 15:57