2020-жылы калкка берилген микрокредиттердин үчтөн бир бөлүктөн көбүрөөгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталды

Publications: 27.03.2021


Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 2020-жылы 31,1 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 707 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны мурунку жылга салыштырганда 13,2 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 3,2 пайызга көбөйгөн.

Кыргыз Республикасы боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош (6,8 млрд. сому же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,8 пайызы) жана Жалал-Абад облустарынын (4,9 млрд. сому же 15,7 пайызы), Бишкек шаарынын (4,9 млрд. сому же 15,6 пайызы) жана Чүй облусунун (4,2 млрд. сому же 13,4 пайызы) алуучуларына берилген.

2020-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 28,2 пайызы - керектөөчүлүк кредиттерине, 10,4 пайызы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,1 пайызы - курулушка багытталды.

Муну менен бирге 2019-жылга салыштырганда айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү 2,4 пайыздык пунктка көбөйдү, ал эми соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө (2,2 пайыздык пунктка) жана курулушка (2,3 пайыздык пунктка), тескерисинче, кыскарды.

Максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу эки пайыздык пунктка көбөйүп, 95,4 пайызды түздү.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 


Last updating: 27.03.2021, 13:29