Кыргыз Республиканын туруктуу калкынын саны үстүбүздөгү жылдын 1-июлун карата баалоо боюнча 5 млн. 955 миң адамды түздү

Publications: 13.08.2015


Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2015-ж. январь-июнда 59,4 миң адамга же 1,0 пайызга көбөйүп, үстүбүздөгңү жылдын 1-июлуна карата баалоо боюнча 5 млн. 955 миң адамды түздү. Эң жогорку деңгээл Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек ш. (1,2 пайыз), ал эми эң төмөнкү деңгээл Нарын жана Ысык-Көл  облустарында (0,4 – 0,6 пайыз) белгиленди.

2015-жылдын январь-июнунда ЖААК органдарында 78,6 миң жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 26,7 адам, 17,4 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,9 адам катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 61,2 миң адамды же калктын 1000ине 20,8ди түздү.

Калктын табигый өсүүсүнүн 2015-ж. январь-июнунда эң жогорку деңгээли Баткен жана Ош облустарында (калктын 1000ине 26 адам), ал эми эң төмөнкү деңгээли Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында (калктын 1000ине 14-17 адам) белгиленди.

2015-жылдын январь-июнунда бир жашка чейинки 1510 бала чарчап калды же тирүү төрөлгөндөрдүн 1000ине алганда 19,2ни түздү. Наристелердин өлүмүнүн негизги себептери перинаталдык мезгилде (төрөлгөндөн кийинки) пайда болгон абалдар болуп эсептелет, мындан 1038 бала өлгөн же бир жашка чейинки өлгөн наристелердин жалпы санынын 69 пайызы. Өөрчүүнүн туубаса кемтигинен 235 бала (16 пайыз), дем алуу органдарынын ооруларынан 134 бала (9 пайыз) өлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 2015-жылдын январь-июнунда республикага туруктуу жашоо үчүн 1,9 миң адам келсе, кеткендердин саны 3,7 миң адамды түзгөн, калктын миграциялык агымы  -1,8 миң адамды (2014-ж. январь-июнунда – 3,2 миң) түздү. 2014-жылдын январь-июнуна салыштырганда калктын тышкы жана ички миграциядагы миграциялык активдүүлүгүнүн төмөндөшү байкалды. Тышкы миграция боюнча кетүүнүн эң жогорку интенсивдүүлүгү мурдагыдай эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында (10 миң тургунга 12-13 адам) байкалды, бул кетүүн орточо республикалык деңгээлинен бир топ жогору (10 миң тургунга 6 адам).

_______________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү   |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрө  таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 17.08.2015, 10:09