Цифралар жана фактылар: Маалымат жана басма сөз күнү

Publications: 06.11.2019


2019-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына - 95 жыл толот! 1924- жылдын 7- ноябрында - "Эркин Тоо" (азыр - "Кыргыз Туусу") улуттук газетасынын биринчи номери жарыкка чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы № 527 токтому менен ЖМКнын, полиграфиянын, радионун жана телекөрсөтүүнүн бардык кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү болуп аныкталган.

Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган, ал мезгилде республикада улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында "Кыргызмамбас" ("Киргосиздат") басмаканасы негизделген. Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан.

30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган.

60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен "Кыргызстан", "Мектеп", "Илим", "Адабият" басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн.

2018-жылы жалпы тиражы 1 млн. 770 миң нускадагы ар башка аталыштагы китептер 1,5 миң нускада, алардын ичинен 945 миңге жакын нускасы кыргыз тилинде басылып чыккан.

Мындын тышкары, 2018-жылы 38 журнал, анын ичинен 8 кыргыз тилинде, жылдык тиражы 366 миң нускага жакын, анын ичинен 308 миң нускасы же 84 пайызы кыргыз тилинде басып чыгарылган.

_____________________________________________________________________________                       

Социалдык статистика бөлүмү  e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндөгү" мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 06.11.2019, 16:23