Цифралар жана фактылар: 2018-жылдагы Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

Publications: 05.04.2019


Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдагы Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2017-жылга салыштырмалуу 19 пайызга азайып,  245 млн. АКШ долларынан ашты. Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө карабастан, алар мурункудай эле республикага келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн негизги үлүшүн (2018-ж. - 43 пайыз, 2017-ж. - 49 пайыз) түзөт.

Алардын негизги көлөмү (тартылган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 56 пайыздан көбү, анын ичинде 96 пайызы – тазаланган мунайзат продуктулары өндүрүшүнө) иштетүү өндүрүшү ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга (29 пайызы) жана геологиялык чалгындоого (15 пайызга жакыны) багытталган.

Геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын олуттуу азайышынын эсебинен тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу - 2,6 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына багытталган инвестициялар 4 пайызга төмөндөдү. Муну менен бирге иштетүү өндүрүшү ишканаларына инвестициялардын келип түшүү агымы көбөйдү (4 пайызга).

Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча келип түшүүсү

(млн. АКШ доллары)

2018-жылдагы республиканын экономикасына Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын дээрлик бардык көлөмү (94 пайыздан көбү) Чүй жана Жалал-Абад облустарынын ишканаларына багытталган.

2018-жылдагы Кытайдан келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын региондор боюнча келип түшүүсү

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

_______________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 05.04.2019, 09:01