Цифралар жана фактылар. Дүйнөлүк Калк күнү.

Publications: 11.07.2019


1990-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Эл аралык майрам күнү – Дүйнөлүк Калк күнүн (World Population Day) түзгөн, ал аркылуу калктын жайгашуусу боюнча маселелерге, жалпы өнүгүү программаларына жана жалпы көйгөйлөрдү чечүүнү издөөгө көңүлдү буруу үчүн аны ар бир жылдын 11-июлунда белгилешет. Жыл сайын Дүйнөлүк Калк күнү кайсы бир темага арналат, ал эми 2019-жылы республиканын жалпы коомчулугугун көңүлүнө гендердик теңдик жана калктын репродуктивдик (тукум куучулук) саламаттыгы боюнча маселелери коюлду.

Социалдык өнүгүүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири гендердик теңдиктин Индекси болуп саналат, ал негизги үч көрсөткүчтөр боюнча:  репродуктивдик (тукум куучулук) саламаттыкты коргоо, жарандын укуктарынын жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрү боюнча жыныстардын жетишилген тең укуктуулук деңгээлине жараша өлкөнүн жетишкендиктери өлчөнөт. 2017-жылы гендердик теңдиктин деңгээли боюнча  дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде  Кыргыз Республикасы 92-орунду ээлеген (гендердик теңдиктин индекси - 0.392).

2019-жылдын башында Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6 млн. 390 миң адамды түздү. Ушул эле учурда, алардын басымдуу үлүшү - 66,0% же 4 миллион 216 миң адам айылдар калкына туура келди, ал эми үчтөн ашыгын (34,0%) же 2 миллион 174 миң адамды шаар калкынын үлүшү түздү.

Кыргыз Республикасынын калкынын негизги демографиялык көрсөткүчтөрү

 

 

Республикада калктын жынысы боюнча бөлүнүшү бир тектүү эмес. Шаар жерлеринде эркектерге караганда аялдардын үлүшү жогору жана 52,4% түзөт, ал эми айыл жерлеринде төрөлгөндөрдүн саны жогору болгондуктан, анда эркектердин бир азга - 50,7% басымдуулугу белгиленет.

Каттоонун маалыматтары боюнча 1999- жана 2009-жылдары 1000 эркекке, тийиштүүлүгүнө жараша, 1026 – 1027 аял туура келген, ал эми 2019-жылдын башында - 1016 аял туура келген.

 

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны

 

Калкты каттоо маалыматтары боюнча

2019-жылдын 

1-январына карата

1999

2009

Жалпы саны

Миң адам

4 822,9

5 362,8

6 389,5

пайыздарда

100,0

100,0

100,0

шаар калкы

Миң адам

1 678,6

1 827,1

2 173,6

пайыздарда

34,8

34,1

34,0

айыл калкы

Миң адам

3 144,3

3 535,7

4 215,9

пайыздарда

65,2

65,9

66,0

Эркектер

Миң адам

2 380,4

2 645,9

3 169,6

пайыздарда

49,4

49,3

49,6

Аялдар

Миң адам

2 442,5

2 716,9

3 219,9

пайыздарда

50,6

50,7

50,4

 

Жалпы эле адамдын жана коомдун саламаттыгын сактоонун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири репродуктивдик саламаттыкты сактоо болуп саналат.

2000-жылдын башынан тарта өлкөдө төрөлгөндөрдүн өсүшү белгиленди. 2018-жылы ЗАГС органдарында 171 миң бала катталган. Биринчи төрөттүн үлүшү - 28,5%, экинчисине - 26,9%, үчүнчүсүнө - 22,8% туура келген. Ошондой эле республикада төртүнчү жана андан көп төрөттүн үлүшү да жогору, ал 22% жакынын түзөт.

2018-жылы бала төрөлгөн учурда аялдардын орточо жаш курагы 28,0 жашты, биринчи бала төрөгөн аялдардын орточо жаш курагы - 22,9 жашты түзгөн.

 

__________________________________________________________________________

Демография статистикасы бөлүмү  |e-mail: gabdullaeva@stat.kg;   |тел. + 996 (312) 324636

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 12.07.2019, 10:01