Цифралар жана фактылар: Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү

Publications: 27.09.2019


Майрамдын максаты туризмди пропагандалоо, дүйнөлүк коомчулуктун экономикасына анын салымын чагылдыруу, ар кайсы өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат. Ал туризмдин маанилүүлүгүнө жана анын социалдык, маданияттык жана экономикалык маанилүүлүгүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган.

2018-жылы 486 эс алуу мекемелери жана туризм уюмдары туристтерди кабыл алып, аларга кызмат көрсөтүштү. Алардын ичинде: мейманканалар жана ушул сыяктуу жайгаштыруу каражаттары – 194, турфирма жана туроператорлор, саякат жана экскурсия бюросу - 64, жаратылыш паркы – 9, жана  30дан ашык башка мекемелер бар. Балдардын саламаттыгын чыңдоо уюмдарынын саны – 248 түздү жана аларда 33 миңден ашык балдар эс алышты.

2018-жылы эс алгандардын саны 1,4 млн. жакын адамды түздү, алардын ичинен 43,5 пайызы Ысык-Көл облусуна туура келди. 2018-жылы туризм чөйрөсүндөгү ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо тизмелик саны 8,5 миң адамды түздү.

2018-жылы туризм чөйрөсүндөгү бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 10 852 сомду түздү.

Кыргыз Республикасына келген чет элдик жарандардын саны
(миң адам)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2018-жылы чек араны кесип өткөн чет элдик жарандардын саны 7 млн. ашык адамды түздү, бул 2017-жылдын деңгээлинен 1,5 эсеге көп. Чет элдик жарандардын негизги агымы Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Тажикистандан келген.

Өлкөлөр боюнча Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет элдик жарандар
(
жыйынтыкка карата пайыз менен)

2018-жылы туризм чөйрөсүнө тике чет өлкөлүк инвестициялар 60 млн. АКШ долларга (чыгып кетүү агымын эсепке албаганда) жакын өлчөмдө тартылды, бул 2017-ж. караганда 3,5 эсеге көп, муну менен бирге КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн алардын келип түшүүсү 3,4 эсеге көп, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн алардын келип түшүүсү 5,1 эсеге көп болду.

2018-ж. калкка көрсөтүлгөн туристтик-экскурсиялык кызматтар 1794,6 млн. сомду, мейманканалар жана кыска мөөнөттүк жашоо үчүн багытталган башка жайлардын көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3277,4 млн. сомду түздү.

2018-ж. туризм чөйрөсүндөгү чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 23,4 млрд. сомду түздү, мурунку жылга салыштырмалуу жүгүртүүнүн көлөмү 4,6 пайызга көбөйдү.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу ташуучу транспорттун бардык түрү менен туристтерди ташуунун көлөмү 2018-жылы 6955,6 миѕ адамды түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 34,2 миң жүргүнчүгө өстү.

2018-жылы өнөр-жай ишканалары тарабынан 768,4 млн. сомго туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү  товарлар өндүрүлдү, бул мурунку жылга караганда 8,5 пайызга көп. 2018-жылы мурунку жылга салыштырмалуу улуттук кийимдерди өндүрүү 3,1 эсеге, калпактарды - 23,0 пайызга, килемдерди - 17,1 пайызга өстү.

2018-жылы туристтик кызмат көрсөтүулөрдун экспорту 453,4 млн. АКШ долларын түздү, туристтик кызмат көрсөтүулөрдун импорту ошол эле жылы – 275,5 млн. АКШ долларын түздү.

 

____________________________________________________________________________________________________

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү |e-mail:vmambetalieva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324725

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 27.09.2019, 11:26