23-феврал - Кыргыз Республикасынын Мекенди коргоо күнү: цифралар жана фактылар

Publications: 22.02.2018


              23-феврал күнү Кыргыз Республикасында Мекенди коргоо Күнү болуп белгиленет.   
Республиканын калкынын жалпы санынан  эркектердин салыштырмалуу салмагы -  49,5% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө.  Республикада 2017-жылдын башында эркектердин саны 3 млн. ашык  адамды түзгөн.

Республиканын эркек калкынын үчтөн экиси – айыл тургундары. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт.   

Иш-аракеттер тармагынын бир да чөйрөсү эркекетин катышуусусуз жүрбөйт. Эмгекке жөндөмдүү жаштагы эркектердин жумуш менен камсыздалган деңгээли абдан жогору жана ал 76% түзөт. Иштеген эркектердин орточо жашы 37 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы эркектин жашы  25-29 жаш курагындагылар. Курулуш, транспорттук камсыздоо (жабдуу) жана жүктөрдү сактоо, электрэнергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба, пайдалуу кен казуу сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «эркектердин»  жумушу болуп саналат.    

2016-жылы никеге турган эркектердин саны 48 миңди түздү. Эркектер 20-29 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет. Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөндөрдүн саны 43 миң эркекти түзгөн. Никеге турган ар бир үчүнчү эркек 20–24 жаш курагында же 25–29 жаш курагында болгон.

2016-жылы никеге биринчи жолу турган эркектердин орточо жашы 27,1 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандар -  40,2 жашты түзгөн. 


Last updating: 22.02.2018, 09:23