Республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти 98 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъекттер ишке ашырды

Publications: 21.08.2015


2015-жылдын 1-июлуна карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 98 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 7,7 пайызга көп, анын ичинен 9,9 миң субъекттер же 6,5 пайызы рекреация жана эс алуу жаатындагы кызматтарды көрсөтөт.

Туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкердик ишмердиги менен жеке жактардын 86 миңи же катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 88 пайызга жакыны алектенди. 

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 6337 млн. сомдон көп же ИДПга карата 3,7 пайызга (2014-жылдын тийиштүү мезгилинде 3,8 пайыз) түзүлдү.

2015-жылдын 1-жарым жылдыгында мейманканалар жана кыска мөөнөткө жашоо үчүн ылайыкталган башка жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 986 млн. сомдон көбүн түздү, бул 2014-ж. тийиштүү мезгилине караганда 10,4 пайызга көп. Ресторандар жана башка тамактануу ишканалары тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү 2014-ж. январь-июнунун деңгээлинен 4,8 пайызга ашты жана 2372,5 млн. сомду түздү.

______________________________________________________________________________________________________________

Айлана-чөйрө жана МКТ                                   e-mail: korozbaeva@stat.kg

статистикасы бөлүмү                                           тел.: +996 (312) 32 46 91

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 21.08.2015, 16:17