Экономиканын энергия сыйымдуулугу жана электр сыйымдуулугу

Publications: 24.12.2021


Улуттук экономиканын энергетикалык натыйжалуулугун аныктоочу эң маанилүү параметрлердин бири, ички дүң продуктунун энергиялык сыйымдуулугу жана энергиянын калктын киши башына керектөөсү болуп саналат. 

ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу - бул ИДПнын көлөмүнө карата суммардык энергия керектөөсүнүн катышы катары аныкталат. 2020-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу бир млн. сомго 21,8 тонна шарттуу отунду түздү жана 2016-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 0,2 тонна шарттуу отунга төмөндөдү.

Экономиканын энергиялык сыйымдуулугунун деңгээлин жана өсүү (төмөндөө) темпин мүнөздөө үчүн маалыматтар учурдагы рыноктук бааларда да, 2010-жылы ал үчүн базалык жылдын бааларында маалыматтарды салыштыруу үчүн да түзүлгөн.

ИДПнын энергия сыйымдуулугунун өзгөрүүсү

2020-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын электр сыйымдуулугу бир млн. сомго 25,6 миң киловатт-саат түзгөн жана 2016-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 2,3 миң киловатт-саатка төмөндөгөн.

ИДПнын электр сыйымдуулугунун өзгөрүүсү

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 24.12.2021, 14:27