2018-жылы Кыргыз Республикасынын экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиктери

Publications: 16.09.2019


2018-жылы реалдуу секторунун ишканалары тарабынан продукцияларды, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн киреше (дүң киреше) 422 307,0 млн. сом алынган. Мурунку жылга салыштырмалуу кирешенин көлөмү 3,9 пайызга (16 013,4 млн. сомго) көбөйдү, ал эми 2014-жылга салыштырмалуу - 45,4 пайызга (131 772,0 млн. сомго) көбөйгөн. Негизинен, өткөн жылдагы дүң кирешенин  өсүүсү иштетүү өндүрүшүнүн ишканалары (9 240,2 млн. сомго), пайдалуу кендерди казуу (6 482,0 млн.), дүң жана чекене соода (4 480,4 млн. сомго) ишканалары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге курулуш тармагында (10 342,4 млн. сомго), байланыш (1 196,0 млн.) жана электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканаларында (1 136,5 млн. сомго) кирешенин көлөмүнүн кыскарышы байкалды.

Продукцияларды өндүрүүгө жана сатууга карата ишканалардын чыгымдары 2018-ж. өткөн жылга салыштырмалуу 7,0 пайызга же 24 883,1 млн. сомго көбөйүү менен 379 997,6 млн. сомду түздү. Чыгымдардын түзүмүндө продукциялардын өткөрүлгөн өздүк наркынын үлүшүнө жалпы чыгымдардын көлөмүнүн 75,7 пайызы, жалпы администрациялык чыгымдарга - 13,9 пайызы, өткөрүү менен байланыштуу чыгымдарга - 7,7 пайызы жана башка операциялык чыгымдарга - 2,7 пайызы туура келди.

2018-ж. операциялык ишмердиктин жыйынтыктары боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан 42 309,4 млн. сом пайда алынды. Операциялык ишмердиктеринин рентабелдүүлүгү бардык ишмердиктин түрлөрүнүн ишканалары боюнча орточо 11,1 пайызды түздү.

Акыркы өткөн беш жылдын ичинде, 2016-ж. башка жылдары ишканалардын операциялык эмес ишмердиктери чыгашалуу болгон. Өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча 15 287,5 млн. сом чыгым тартылган, бул чет өлкө валютасы менен болгон операциялар боюнча терс курстук айырмачылыктар жана төлөөгө карата пайыздардын өсүшү менен шартталды. 2018-ж. операциялык эмес ишмердиктен алынган олуттуу чыгымдар, иштетүү өндүрүшүнүн ишканалары (4 468,5 млн. сом), электр энергиясын  өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү боюнча (3 759,8 млн. сом), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу (2 426,8 млн. сом) ишканалары тарабынан алынды.

График: Ишканалардын ишмердиктеринин финансылык жыйынтыктары
(млн. сом)

Операциялык жана операциялык эмес ишмердиктерден ишканалардын суммардык финансылык жыйынтыктары оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтыкты камсыз кылды, анын көлөмү 2018-ж. 27 026,5 млн. сом кирешени түздү. Баланстык кирешенин негизги көлөмү негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарын өндүрүү боюнча - 13 191,2 млн. сом, соода уюмдары - 7 140,6 млн. сом, байланыш - 4 183,1 млн., пайдалуу кендерди казуу - 3 027,1 млн., транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ишканалары - 2 960,5 млн. сом тарабынан алынган. Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (анын ичинде геологиялык чалгындоо) ишмердик жүргүзүүчү уюмдар - 5 185,2 млн. сом, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) - 4 314,3 млн., кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүчү ишканалар тарабынан - 3 300,1 млн. сом олуттуу чыгымдарга жол берилген.

Экономиканын реалдуу секторунун рентабелдүү ишканаларынын үлүшү 2018-ж. 35,7 пайызды түздү, ал эми алар тарабынан алынган кирешенин суммасы - 53 285,8 млн. сомду түздү. Чыгым тарткан ишканалардын үлүшүнө ишканалардын жалпы санынын 22,7 пайызы туура келди, ал эми алар тарткан чыгымдардын суммасы 26 259,2 млн. сомду түздү.

2018-ж. экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээли 6,4 пайыз өлчөмүндө аныкталган. Сатуулардын рентабелдүүлүгү пайданын канча бөлүгү ишкананын түшкөн кирешесинде жаткандыгын көрсөтүп турат, ага жараша, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган кирешенин (дүң кирешенин) 1 сомунан орточо 0,06 сом (6 тыйын) пайда алынган. Жогорку рентабелдүүлөргө  финансылык ортомчулук (30,9 пайыз) жана соода (20,3 пайыз) чөйрөлөрүндөгү уюмдар кирген.

Рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли, пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш ишканаларында, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча уюмдарда, административдик жана көмөкчү ишмердиктер, ошондой эле башка тейлөө ишмердиктери боюнча уюмдарда алардын мааниси 10 пайыздан 20 пайызга чейинки чектерде болуп келген. Айыл чарба, курулуш, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө ишканалары сыяктуу ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү ишканалар сатуу рентабелдүүлүгүнүн 10 пайыздан азыраак деңгээлине жетишишти жана өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча рентабелдүүлүгү төмөн категорияга киришти. Муну менен бирге, ага карабастан алардын ишмердиги рентабелдүү экендигин белгилей кетүү керек.

Ошондой эле ишканалардын оң сальдолоштурулган финасылык натыйжасы 3,13 пайыз өлчөмүндө активдердин кирешелүүлүк деңгээлин алууга, 9,31 пайызы - капиталдын кирешелүүлүк (рентабелдүүлүк) деңгээлин алууга мүмкүндүк берди.

2018-ж. аягына карата товардык-материалдык запастардын көлөмү бир жылда 12,1 пайызга же 19 211,2 млн. сомго көбөйүү менен 178 342,6 млн. сомду түздү. Эң көп өсүш товарлардын калдыктары боюнча (12 949,0 млн. сомго), бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн калдыктары боюнча (3 914,0 млн.) жана өндүрүштүк запастардын калдыктары боюнча (1 759,5 млн. сомго) белгиленди. Товарлардын запастарынын өсүүсү соода уюмдары тарабынан камсыздалды, бүткөрүлбөгөн өндүрүштүн калдыктары - курулуш жана негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарын өндүрүү боюнча ишканалар тарабынан камсыздалды, ал эми өндүрүштүк запастар электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) тармагында көбөйдү. 

Таблица: Ишканалардын товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын түзүмү
(пайыз менен)
 

 

2014

2015

2016

2017

2018

Бардыгы

100,0

100,0

100,0

100,0

100,0

Товарлар

32,5

29,3

29,7

30,4

34,3

Өндүрүштүк запастар

27,2

26,4

22,5

27,3

25,3

Бүткөрүлбөгөн өндүрүш

23,0

25,5

27,6

22,2

22,1

Даяр продукциялар

8,4

9,6

10,3

10,8

9,7

Көмөкчү материалдардын запастары

8,9

9,2

9,9

9,3

8,6

2018-жылдын аягына карата республиканын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларынын дебитордук карызы 2017-ж. тийиштүү мезгилинин көлөмүнө салыштырмалуу  5,6 пайызга же 6 825,0 млн. сомго кыскарып, 115 790,4 млн. сомду түзгөн, ал эми 2014-ж. салыштырганда, тескеринче, 10,1 пайызга же 10 635,4 млн. сомго көбөйгөн.2018-жылы товардык-материалдык запастарынын айланымдуулугу бир жылда 3,2 эсени, ал эми запастарды сактоонун орточо мезгили - 115 күндү түздү.

2018-жылдын аягына карата кредитордук карыз 2017-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,1 пайызга көбөйүү менен 211 567,5 млн. сом өлчөмүндө аныкталды.

2018-жылдын аягына карата дебитордук карыздардын 64,2 пайызы Бишкек ш.,13,1 пайызы - Чүй облусунун ишканалары тарабынан түзүлдү. Ошондой эле 2017-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу дебитордук карыздардын көлөмү Талас облусунун ишканалары тарабынан 2,3 эсеге (744,9 млн. сомго), Баткен - 1,7 эсеге (336,2 млн.), Нарын облусунун - 13,9 пайызга (112,9 млн. сомго) ишканалары тарабынан көбөйгөн.

Кредитордук карыздырдын эң чоң суммасы Бишкек ш. ишканаларына (57,4 пайызы), Чүй (13,3 пайызы) жана Жалал-Абад облусунун ишканаларына (11,8 пайызы) туура келди. 2017-ж. салыштырмалуу кредитордук карыздырдын кыскарышы Ысык-Көл (22,0 пайызга же 3 763,6 млн. сомго) жана Чуй облусунун ишканаларында (5 пайызга же 1 495,3 млн. сомго) байкалды.

2018-жылдын аягына карата банктардын кредиттери жана зайымдары боюнча карызы  2017 жылдын деңгээлине салыштырмалуу 13,5 пайызга же 45 994,2 млн. сомго көбөйүү менен 386 235,6 млн. сомго жетти. Муну менен бирге акыркы быш жылда алардын көлөмү 1,6 эсеге же 140 657,9 млн. сомго көбөйгөн.

2018-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын активдеринин жана пассивдеринин жыйынды наркы  2014-ж. салыштырмалуу 298 788 млн. сомго же 1,5 эсеге өстү жана 918 752 млн. сомго жетти. Активдүү бөлүктөгү жүгүртүү активдери 98 549,9 млн. сомго (34,5 пайызга) көбөйдү, жүгүртүүдөн тышкаркы активдер - 200 238,1 млн. сомго (1,6 эсеге) көбөйдү. Милдеттенмелер 221 344,6 млн. сомго (1,5 эсеге), менчик капитал - 77 443,4 млн. сомго (37,7 пайызга) көбөйдү.

Өткөн беш жылдын ичинде активдин наркынын өсүшүнүн негизги суммасын соода уюмдары, пайдалуу кендерди казуу ишканалары, иштетүү өнөр жай, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканалары, ошондой эле курулуш ишканалары камсыздады.

Активдердин жалпы көлөмүндөгү жүгүртүү активдеринин үлүшү 42 пайыз деңгээлинде, жүгүртүүдөн тышкаркы активдер - 58 пайыз деңгээлинде сакталып калды. Пассивдүү бөлүгүндө наркынын 69,2 пайызын милдеттенмелердин үлүшү, ал эми 30,8 пайызын - менчик капитал түздү.

2018-жылдын аягына карата экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын активдеринин жана пассивдеринин жыйынды көлөмү, негизинен, иштетүүчү өндүрүш (жалпы көлөмүнүн 25,9 пайызы), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо ишканалары (14,0 пайызы), электр энергиясын өндүрүү (чыгаруу), аны берүү жана бөлүштүрүү (12,8 пайызы), курулуш (9,5 пайыз), пайдалуу кендерди казуу боюнча ишканалары (9,2 пайызы), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик уюмдары тарабынан (8,3 пайызы) түзүлгөн.

______________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                     |тел. + 996 (312)  625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 16.09.2019, 15:15