Жарандык авиация күнү: цифралар жана фактылар

Publications: 08.10.2021


Жыл сайын октябрь айында жарандык авиация Күнү белгиленет.

Бүгүнкү күндө жарандык авиация өндүрүштүк жана социалдык   инфратүзүмүнүн маанилүү курамдык бөлүгү, анын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүшү жана иштеши улуттук коопсуздукту, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.
Аба транспорту Улуу Ата-мекендик согуштан кийин өнүгүп, жүргүнчүлөрдү ташуу көрүнүшү регулярдык тартипте иштей баштаган.

Кыргызстандын транспорт ишканаларынын эң олуттууларынын бири “Манас Эл аралык аэропорт” ачык акционердик коому болуп саналат, анын курамына  “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору кирет. Калган аэропорттор – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору ички аба жолдору боюнча регионалдык каттамдарды ишке ашырат.

2020-жылы жүргүнчүлөрдү улуттук авиа аркылуу ташуулардын көлөмү 400 000ден ашуун жүргүнчүлөрдү түздү, алардын ичинен 30 пайызга жакынын – эл аралык жана 70 пайызын – ички ташуулар түздү. Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жүгүртүүсү беш жүз минден  ашык жүргүнчү-километрди түзөт.  

Авиа жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер 3 млрд. ашык сомду түздү, анын 70 пайыздан ашууну эл аралык ташуулар түзсө, 20 пайызга ашыгын -  ички ташуулар камсыздады.

Өлкөнүн башкы аба дарбазасы - бул “Манас” эл аралык аэропорту – Борбор Азиядагы эң ири аэропорттордун бири, ал бир саатта 1700 адамды өткөрүүгө жөндөмдүү. Аэропорт эл аралык жана ички ташууларды камсыздайт.

2015-жылы аэропорт «Манас» 3 млн. жакын жүргүнчү тейленген болсо, 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 3,6 млн. адамга жетти, ал эми 2020-жылы GOVID- 19 коронавирус инфекциясына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн агымы 1,5 млн. адамга чейин төмөндөдү. 

2020–жылдын аягында аба паркында 12 аба судалары катталган.

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин ”Эйр Манас”, “Avia Traffic Company” жана ”TEZ JET” авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.  

2020–жылы аба транспорт ишмердик чөйрөсүндө кызматчылардын орточо жылдык саны 1,2 миң адамды түздү.   

____________________________________________________________________________ 
Соода,МКТ жана туризм башкармалыгы, керектөө рыногу статистикасы бөлүмү   
e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324650, 324918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 11.10.2021, 09:43