Керектөө бааларынын индекси жана керектөө бааларынын базалык индекси - айырмасы эмнеде?

Publications: 03.06.2021


Негизги тамак-аш азыктарына карата керектөө бааларынын акыркы мезгилдери байкалып жаткан жогорулашына байланыштуу, керектөө бааларынын базалык индексин (КББИ) эсептөө ыкмасын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен колдонуучулар тарабынан көп суроо-талаптар түшүп жатат.

Керектөө бааларынын базалык индекси керектөө бааларынын индексин түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат жана инфляциянын деңгээлинин мониторингин камсыздоо үчүн  колдонулат. Муну менен бирге, бул индекс баалардын мезгилдик (сезондук) өзгөрүүлөрүнө, ошондой эле административдик таасирине дуушар болгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын өзгөрүүсү алып салынат (жокко чыгарылат).

Баалардын узак мөөнөттүү жана туруктуу динамикасын мүнөздөөчү базалык индекс Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка министрликтер жана ведомстволор тарабынан талдоо максатында колдонулат.  

2020-жылда керектөө бааларынын базалык индекси
(мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен)

Базалык индексти эсептөө үчүн акыркы база болуп, керектөө бааларынын индексинин алкагында түзүлгөн товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) толук керектөөчү топтому боюнча баалардын котировкалары саналат.

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата керектөө бааларынын индекстери

Маалымат үчүн: Керектөө бааларынын базалык индексин эсептөө үчүн негизги ыкма болуп жөнөкөй алып салуу (жокко чыгаруу) ыкмалары саналат. Бул ыкма керектөө бааларынын индексинин эсептөөсүнөн  баалардын олуттуу өзгөрүүлөрүнө дуушар болгон жана атайылап тандалып алынган анын түзүлүшүндөгү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүнө карата  баалардын өзгөрүүлөрүн алып салуудан турат.  Ал керектөө бааларынын жыйынтык индексинин олуттуу өзгөрүшүнө алып келе турган, аларга карата баалар мезгилдик (сезондук) фактордун таасирине дуушар болгон сүт жана жашылча-жемиш продукциясы "Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар" тобунан алып салынат (жокко чыгарылат). Ошондой эле, алар мамлекеттик башкаруу органдарынын административдик таасирине дуушар болгон баалардын динамикасын мүнөздөөчү кант жана алкоголдук ичимдиктердин айрым түрлөрү жана тамеки заттары "Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары" тобунан алып салынат (жокко чыгарылат). Азык-түлүк эмес товарлардын жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тобунан күйүүчү-майлоочу материалдар, турак жайларды күтүү жана оңдоо үчүн материалдардын айрым түрлөрү, "электр, газ жана отундун башка түрлөрү” товардык тобу, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жана байланыш кызматтары керектөө бааларынын базалык индексинин эсептөөсүнө киргизилбейт.

____________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 03.06.2021, 16:49