Квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында машыктыруучулар үчүн окутуу өткөрүлдү

Publications: 30.08.2022


Квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында 2022-жылдын 26 августунан 28 август аралыгында КР Улутстаткомунун статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу Институту тарабынан мекеменин кызматкерлеринин статистика жаатындагы машыктыруучулук сапаттарын жана жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу максатында окутуу өткөрүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө маалыматты берүүнүн түрлөрү, татаал түшүнүктөгү маалыматтар менен иштөө, интерактивдүү усулдар жана жашы жетилген, ошондой эле башка адамдар үчүн статистикалык окутуунун өзгөчөлүктөрү каралды.

Окутуунун соңунда, катышуучулар эл алдында сүйлөө, тайпа менен иштөөнү билүүсүн жана  тайпалаштар ортосунда туура атаандаштыкты калыптандыруу жөндөмдүлүктөрүн көрсөтө алышты.

Ар бир катышуучу окутуу өткөрүү боюнча тийиштүү окуу материалдарына ээ болушуп, ал окуу материалдардын көмөгү мыкты, кесипкөй окутуучу болуусуна шарт түзүлөт.

             

             

             

             

             

 

 

 

 


Last updating: 30.08.2022, 11:15