Гендердик статистиканын улуттук статсистемага интеграция болуусу

Publications: 25.09.2019


​Бүгүн, ү.ж. 25-сентябрында Бишкекте БУУ Аялдар Регионалдык жана Өлкөлүк кеңсесинин жана ПАРИС21 өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле академиялык чөйрөнүн, жарандык коомдун жана жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Семинардын катышуучуларынын алдында Улутстаткомдун Аппаратынын жетекчиси Эльмира Алымкулова, ПАРИС21 аткаруучу директору Йоханнес Юттинг, БУУ Аялдар Регионалдык жана Өлкөлүк кеңсесинин башчысы Улзисурен Жамсран, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУнун өкүлү, маалыматтардын, жыйынтыктардын жана отчеттуулуктардын мониторингин өнүктүрүү башкармалыгынын координатору Каныкей Орозбаева саламдашуу сөзүн сүйлөштү.

Улутстаткомдун аппаратынын жетекчиси Эльмира Алымкулова семинардын катышуучуларын  куттуктоо менен, ал бүтүндөй эле улуттук статистика системасын өздөштүрүүдө алар республиканын калкынын толук мүнөздөмөсүн берүүчү, өз убагындагы, ишенимдүү жана өзүнчө башка  (дезагрегированными) маалыматтар менен колдонуучуларды камсыздоо үчүн гендердик статистиканын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө БУУ Аялдар Регионалдык жана Өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрү тарабынан “Ар бир аял жана кыз жашоодо олуттуу орунду ээлесин” аттуу глобалдуу программасынын презентациясы көрсөтүлдү. 

Семинардын жүрүшүндө ПАРИС21 өкүлү Бернадетт Баламбан ПАРИС21 жана ООН Аялдар менен биргелешкен ишмердиги боюнча презентациясын көрсөтүү менен сөз сүйлөдү, анда алар Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (СӨУС) үчүн сунуштарды даярдоо учурунда анын жыйынтыктарына жүргүзүлгөн интеграция жана гендердик баалоо процессинин ортосунда өз ара иш-аракеттерди камсыздоо үчүн иш-чараларды бириктирүү боюнча биргелешкен чечим кабыл алышкан.  

Семинардын максаты, ушул долбоор жана долбоордун алкагында пландалган иш-чаралар/ишмердиктер тууралуу гендердик статистикалык маалыматтарды жүргүзүүчүлөргө жана колдонуучуларга маалымат берүү, кызматташууга көмөктөшүү жана республикадагы гендердик статистиканын абалы тууралуу жалпы көрүнүшүн алуу болуп саналат. 

Кеңешменин ишинде гендердик статистика, гендердик маселелерди алдыга жылдыруу боюнча улуттук пландар, гендердик статистиканы колдонуудагы кыйынчылыктар жана мисалдар, ошондой эле ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн мониторинги үчүн  статистикалык маалыматтарды жүргүзүүнү пландоо жаатында болгон ишмердик тууралуу маселелер талкууланды.


Last updating: 27.09.2019, 11:29