2018-жылдын январ-августунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 12.09.2018


Бүгүн, 12-сентябрда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-августундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  маалыматына ылайык, акыркы айларда социалдык-экономикалык өсүүнүн темптеринин төмөндөөсү байкалууда. Маселен, 2018-жылдын январ-июнунда, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 310 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,3 пайызга төмөндөдү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 283  миллиард сомго жакынды түзүп, 2,1 пайызга өстү.

Аны менен бирге, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-августунда 146 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү металл рудаларын жана баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү менен шартталды. Ушуну менен бир катарда, кийим, текстил өндүрүшүндө, мунайзат, резиналык жана пластмассалык жасалгаларды, жана башка минералдык продукттарды өндүрүүдө өсүү камсыздалган.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта өсүү 6,7 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,5 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2018-жылдын январ-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын 1,2 пайызга төмөндөөсү (дефляция) байкалган. 2017-жылдын январ-августунда керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,5 пайызды түзгөн эле.

Жыл башынан бери керектөө товарларына жана кызматтарына баалар республиканын бардык региондорунда төмөндөөсү байкалган, бир гана Нарын облусунда 1,8 пайызга жогорулап, Ош облусунда өзгөрүүсүз калган.

2018-жылдын январ-июлунда, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,8 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,0 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорттук операциялар 1,6 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр 20,0 пайызга өскөн.

2018-жылдын январ-июлунда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 1,3 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,3 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде,  импорт – 2,8 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорт – 10,4 пайызга өскөн. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодада эң көп үлүш Россияга  (66,2 пайызы) жана Казакстанга (32,1 пайызы) туура келген.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө, 2018-жылдын январ-июнунда Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө маалымат берилди.

Кыргыз  Республикасынын экономикасына 2018-жылдын I жарым жылында 2017-жылдын I жарым жылына салыштырмалуу  тике чет өлкөлүк инвестициялардын  келип түшүү агымы 33,2 пайызга кыскарып, 247,0 млн. АКШ долларын түздү.

Ошондой эле, 2018-жылдын I жарым жылдыгынында тике чет өлкөлүк инвестициялардын  чыгып кетүү агымы 24,9 пайызга төмөндөдү жана 236,4 млн. АКШ долларын түздү.  2018-ж. I жарым жылдыгында негизги инвесторлор Кытай, Россия, Нидерланд, Туркия, Швейцария жана Казакстан болуп эсептелди, алардын үлүшүнө келип түшкөн инвестициялардын жалпы   көлөмүнүн 79 пайызы туура келди.

Пресс-конференциянын катышуучуларына ошондой эле 2017-жылда биргелешкен ишканалардын ишмердиги жөнүндө маалымат берилди. 2017-жылы биргелешкен ишканалардын өнөр жай продукциясынын көлөмү (жумуштар, кызматтар) 124,4 миллиард сомду түзгөн. Чет элдик инвестициялар менен иштеген ишканаларда 62 миңден ашуун адам иштеген, же алардын үлүшү, экономиканын реалдуу секторунда алектенген адамдардын 31,3 пайызын түзгөн.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө, 30 күндүн ичинде (10-сентябрдан 10-октябрга чейин) өткөрүлүүчү, интерактивдүү анкета толтуруунун экинчи этабынын башталгандыгы жөнүндө маалымат берилди. Сурамжылоонун жүрүшүндө, Улутстатком, колдонуучулардын муктаждыктарына ылайык, аларга берилүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле, өз ара байланыштарды жакшыртуу жана расмий статистикага ишенимди жогорулатуу боюнча сунуштарды алууга мүмкүндүк алуусу өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу Улутстатком колдонуучуларды интерактивдүү сурамжылоого катышууга чакырды.

Презентациялар:

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

 Facebook – Улутстаткомдун расмий баракчасы

Дарек: Фрунзекөчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

 

 

 


Last updating: 12.09.2018, 12:26