КР Улутстаткомунда гендердик статистика боюнча маселелер талкууланды

Publications: 12.02.2020


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргызстандагы "БУУнун-Аялдар" өкүлү Улзийсурен Жамсран айым менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө гендердик статистика боюнча маалыматка болгон суроо-талаптын жогорулоо тенденциясы белгиленди, бул саясат чараларын иштеп чыгууда анын бул багытта суроо-талаптарынын көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Аялдардын саясий жана экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана аялдарга карата зомбулукту жоюу, гендердик теңчиликке жетүүдө жылыштарды байкоого алуу үчүн курал катары гендердик статистиканын маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Гендердик статистиканы чогултуу, талдоо жана жайылтуу процессинде Улутстаткомдун негизги звено катары ролу, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына мониторинг жүргүзүү үчүн гендердик статистиканын маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташуу боюнча макулдашууга жана Улутстаткомдун жана БУУнун Аялдар өкүлчүлүгүнүн биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюу маселелерин талкуулашты

 


Last updating: 14.02.2020, 09:33