2018-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Publications: 27.05.2019


Такталган ишканалардын маалыматтар боюнча, берилген жылдык баланстын негизинде 2018-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 851,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 38,1 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деѕгээлинен 144,2 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылга салыштырмалуу менчик капиталын кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү белгиленди.

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү*

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

616,8

851,7

100

100

Менчик капитал

191,5

104,3

31,0

12,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

127,5

207,3

20,7

24,4

Башка инвестициялар

297,8

540,1

48,3

63,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

211,7

343,0

34,3

40,3

соода кредиттери

72,8

195,8

11,8

23,0

башка кредитордук карыз

13,3

1,3

2,2

0,1

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

* Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

 

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (92 пайыздан көбү) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, геологиялык чалгындоого, курулуш чөйрөсүнө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү курулуш чөйрөсүнө – 23,4 эсеге, маалымат жана байланыш – 3,6 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,0 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 13,4 пайызга, геологиялык чалгындоого – 7,3 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,5 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2017-ж. салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйдү. негизинен Канададан (21,4 эсеге), Түркиядан (5,4 эсеге), Швейцариядан (3,5 эсеге), Нидерланддан (2,2 эеге) жана Кытайдан (11,6 пайызга) алардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эѕ көп салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 39,7 пайызы), Канадага (11,6 пайызы), Түркияга (11,0 пайызы), Нидерландга (6,7 пайызы) жана Швейцарияга (2,3 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2017-ж. салыштырмалуу 4,6 эсеге көбөйдү, Россиядан 26,1 пайызга инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү. Муну менен катар, Казакстандан инвестициялар 1,6 эсеге, Өзбекстандан 1,5 эсеге төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2017-ж. салыштырмалуу Нарын облусунда – 22,0 эсеге, Ош облусунда – 6,4 эсеге, Ысык-Көл облусунда – 3,7 эсеге, Талас облусунда - 1,7 эсеге, Чүй облусунда - 30 пайызга, Жалал-Абад облусунда – 7,5 пайызга жана Бишкек ш. – 34,4 пайызга көбөйдү. Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын кыскарышы Баткен, облусунда, ошондой эле Ош ш. белгиленди.

Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эѕ  көп салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 43 пайыздан көбү, Чүй облусуна - 29 пайыздан көбү, Жалал-Абад облусуна - 15 пайыздан көбү жана Ысык-Көл облусунда – 11 пайызга жакыны туура келди.

2018-ж. 2017-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,3 пайызга төмөндөдү жана 707,5 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылга салыштырмалуу чыгып кетүү агымы менчик капиталында, кайра инвестицияланган пайда, ошондой эле резидент эместерден алынган кредиттеринде төмөндөшү белгиленди.

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

724,0

707,5

100

100

Менчик капитал

78,5

69,3

10,8

9,8

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

257,4

156,1

35,6

22,1

Башка инвестициялар

388,1

482,1

53,6

68,1

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

352,9

343,9

48,7

48,6

соода кредиттери

33,9

135,6

4,7

19,1

башка кредитордук карыз

1,3

2,6

0,2

0,4

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

 

2018-жылдагы чыгып кеткен инвестициялардын агымы транспорт ишмердиги ишканаларына – 2,2 эсеге, геологиялык чалгындоо – 29,7 пайызга, иштетүү өндүрүшү – 12,0 пайызга жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында – 4,1 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2017-ж. салыштырмалуу 20,3 эсеге төмөндөдү, бул негизинен Сейшелдер (176,6 эсеге), Канададан (29,6 эсеге), Улуу Британиядан (8,1 пайызга) алардын кыскарышынын эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы, тескерисинче 2,4 эсеге көбөйдү, бул инвестициялардын Россияга (5,4 эсеге) жана Казакстанга (15,4 пайызга) чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

2017-ж. салыштырмалуу Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 27.05.2019, 10:49