2019-жылдын I жарым жылдыгында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Publications: 04.09.2019


2019-жылдын I жарым жылдыгында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 59,4 пайызга көбөйдү жана 393,7 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 120,7 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттердин, ошондой эле кайра инвестицияланган пайда көлөмдөрүнүн көбөйгөнү белгиленди.

Январь-июндагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

247,0

393,7

100

100

Менчик капитал

54,4

7,1

22,0

1,8

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестициялангандан түшкөн пайда

84,9

144,5

34,4

36,7

Башка инвестициялар

107,7

242,1

43,6

61,5

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

32,9

210,1

13,3

53,4

соода кредиттери

74,7

31,9

30,3

8,1

башка кредитордук карыз

0,1

0,1

0,0

0,0

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде


Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (98 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланышка, дүң жана чекене соодага, ошондой эле, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 3,6 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,7 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына – 26,9 пайызга, маалымат жана байланыш – 0,5 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 1,8 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,4 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Канададан (8,9 эсеге), Улуу Британиядан (4,6 эсеге), Кытайдан (1,9 эсеге) жана Нидерланддан (1,4 эсеге) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 46,2 пайызы), Улуу Британияга (16,4 пайызы), Канадага (11,2 пайызы), Нидерландыга (8,0 пайызы) жана Түркияга (4,4 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,6 эсеге кыскарды, бул Россиядан 1,7 эсеге жана Казакстандан 1,5 эсеге инвестициялардын төмөндөшүнүн эсебинен кыскарды. Муну менен катар, Өзбекстандан инвестициялар 1,3 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда – 22,1 эсеге, Ош шаарында – 3,4 эсеге, Жалал-Абад облусунда – 2,2 эсеге, Чүй облусунда – 1,8 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарда инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусуна - 48 пайызга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 24 пайыздан көбүрөөгү, Чүй облусуна – 16 пайыздан көбүрөөгү, ошондой эле Ысык-Көл облусуна – 11 пайыздан көбүрөөгү туура келди.

2019-жылдын I жарым жылдыгында 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 15,5 пайызга көбөйдү жана 273,0 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу чыгып кетүү агымы соода кредиттеринин, ошондой эле кайра инвестицияланган пайда көлөмдөрүнүн көбөйгөнү белгиленди.

Январь-июндагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

236,4

273,0

100

100

Менчик капитал

34,6

28,9

14,6

10,6

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестициялангандан түшкөн пайда

69,6

70,6

29,5

25,9

Башка инвестициялар

132,2

173,5

55,9

63,5

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

110,4

90,2

46,7

33,0

соода кредиттери

21,1

82,8

8,9

30,3

башка кредитордук карыз

0,7

0,5

0,3

0,2

 

2019-жылдын I жарым жылдыгында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын көбөйүшү айыл чарба ишканаларынан – 10,0 эсеге, курулуш чөйрөсүнөн – 4,7 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан – 2,3 эсеге, геологиялык чалгындоодон – 1,7  эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан – 1,6 эсеге, маалымат жана байланыш ишканаларынан – 1,5 эсеге көбөйгөндүгү байкалды. Муну менен катар, инвестициялардын чыгып кетүү агымынын мейманканалар жана ресторан ишканаларында – 46,3 эсеге, электроэнергия, газ, жана буу (жабдуу) – 2,3 эсеге, транспорт ишмердиги – 1,8 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө – 1,5 эсеге, дүң жана чекене соода – 13,5 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылдын I жарым жылдыгына  салыштырмалуу 19,0 пайызга көбөйдү, бул негизинен Кипр (5,2 эсеге), Кытай (2,9 эсеге), Түркия (15,8 пайызга), Германияда (12,1 пайызга) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,9 пайызга көбөйдү, бул инвестициялардын Казакстанга (2,3 пайызга) жана Россияга  (0,2 пайызга) чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан башка, бардык облустарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын өсүшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 04.09.2019, 13:34