Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта: цифралар жана фактылар

Publications: 07.05.2018


1941-жылдын башында өлкөнүн элинин саны, баалоо боюнча, 1946-жылдын башына карата 1 млн. 457 миң адамга чейин кыскаруу менен 1 млн. 588 миң адамды түзгөн.  

Кыргызстан аскерге 360 миңден ашык адамды, же өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун согушка жөнөткөн жана согуш жылдары өлкөгө 300 миңден ашык жаңы тургундарды кабыл алган. 30 миңден ашык кыргызстандыктар республикадан тышкары аскердик өнөр-жай ишканаларына жөнөтүлгөн (1. төм.кара).

Улуу Ата Мекендик согушта Украина, Россия жана Беларусиянын убактылуу ээленип турган райондорунан республикага 30 (отуздан) ашык өнөр-жай ишканаларынан жабдуулар көчүрүлүп келген. Кыска мөөнөттүн ичинде фронт үчүн керектүү продукцияны көчүрүлүп келген ишканалардын базасында чыгарып баштаган жаңы ишканалар курулган. Алар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору болуп калган. Алардын ичинде: «Красный швейник» фабрикасы, «Красный металлист» заводу, М.В. Фрунзе атындагы айылмашзаводу,  ОСОАВИАХИМ (2. төм.кара) тигүү фабрикасы, Ош жибек комбинаты, Новотроицк, Кант, Беловодск кант заводдору, Кенафтык фабрикасы жана башкалар. Согуш жылдарынын ичинде 70 ашык өнөр-жай ишканалары ишке киргизилген. Машинакурулушу, түстүү металлургия, көмүр өнөр-жайы, энергетика, айрым жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактары орчундуу түрдө өнүгүп баштаган.  Өнөр жай продукциясынын көлөмү 1940-жылга салыштырганда 1945-жылы 22 пайызга өскөн, машинакурулушу жана металлды кайра иштетүү продукциялары -  3,5 эсеге, анын ичинде машинакурулушу – 10 эседен көп,  электроэнергия өндүрүшү – 1,5 эсеге өскөн.

Согуш жылдары республиканын колхоздору жана совхоздору коргоо фондуна 4,5 млн. пуд (74 миң тоннага жакын) буудай жана 500 миң пуд (8 миң тоннадан ашык) эт өткөрүшкөн (3. төм.кара).

Көчүрүлүп келген ишканалардын электр энергияга карата болгон муктаждыктары өскөндүгүнө байланыштуу Лебединовка ГЭСинин курулушу улантылган жана  Аламүдүн ГЭС-1 курулушу жөнүндө чечими кабыл алынган, анын курулушу 1943-жылы башталып, 1945-жылы аяктаган. 1943-жылы биринчи кезекте Чоң Чүй каналынын курулушу да аяктаган. Бул объекттердин бардыгы элдик курулуш ыкмасы менен курулган. 1942-жылы  Хайдаркан сымап комбинаты ишке киргизилген.  Көмүргө болгон муктаждыктан улам шахта курулуш иштеринин өсүү темпинин өтө тез жогорулоосун жараткан. Алар негизинен ишканалардын өздөрүнүн күчтөрү менен жүргүзүлгөндүгүнө карабастан бул кесипкөй шахта курулуш уюмдарынын андан ары өнүгүүсү үчүн негиз болгон.

Согуш мезгилинин оор кыйынчылыктарына карабастан турак-жай курулушу да жүргүзүлүп турган.

Айыл чарбасында механизатордук кадрларды даярдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.                1941-жылы кыска мөөнөттүү курстарда 2812 трактористтер, алардын ичинен 2787 –аялдар, жана  570 комбайнерлор даярдалып чыккан. 303,6 миң тонна нан жана 22,3 миң тонна картошка камдалган. Армия колхоздордон жана совхоздордон 54 миң тандалган аттарды (жылкыларды) алган. 

Улуу Ата Мекендик согушундагы жеңип чыккандан кийин республиканын экономикасы кыска мөөнөттүн ичинде тынчтык рельсине өткөн.

1. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Бишкек, 1995-ж.

2. Коргоого,  авиациялык жана химиялык курулушка көмөк көрсөтүүчү коом.

3. Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Доорлор статистикасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Бишкек, 2003-ж.

 


Last updating: 07.05.2018, 15:44