Эл аралык жаштар күнү: сандар жана фактылар

Publications: 12.08.2022


Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жаштар өздөрүнүн майрам күндөрүн жана иш-чараларын кеңири белгилешет, алардын бири БУУ тарабынан кабыл алынган эл аралык жаштар күнү – 12-август.

2022-жылдагы эл аралык жаштар күнүнүн максаты – эч кимди артта калтырбастан, туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга (ТӨМ) жетүү үчүн бардык муундардын өкүлдөрүнүн аракеттерин активдештирүү. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 1,2 миллиард 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштар бар, бул дүйнөлүк калктын 16 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин жаштардын саны 7 пайызга көбөйүп, дээрлик 1,3 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда.

Биздин өлкөдө "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаштарга 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жарандар жана жарандыгы жок адамдар кирет.

Бүгүнкү күндө 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар 1 млн. 593 миң адамды же Кыргызстандын жалпы калкынын 24 пайызын түзөт, алардын 51 пайызы эркектер жана 49 пайызы аялдар. Мында жаштардын эң жогорку салыштырма салмак Нарын, Талас жана Ош облустарында, эң төмөн Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди.

Калктын жалпы санынын көбөйүшүнүн фонунда акыркы он жылда жаштардын үлүшүнүн төмөндөшүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда, бул 1990-жылдардын аягында төрөлүүнүн кыскарышы менен шартталган. Акыркы он жылда анын саны республикада 2013-жылы 30 пайыздан 2022-жылы 24 пайызга чейин азайган. Муну менен бирге Чолпон-Ата, Өзгөн жана Токмок шаарларында жаштардын саны кыйла көбөйгөнү, ошол эле учурда Жалал-Абад, Бишкек, Майлуу-Суу жана Ош шаарларында азайганы байкалууда.

Үй чарбаларынын бюджеттерин жана жумушчу күчүн интеграциялык тандап изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жаштардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли (15-28 жаш) 2017-жылы 49 пайыздан 2021-жылы 47 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленген.

Сурамжылоого ылайык, акыркы жылдары жаштар арасында жумушсуздуктун деңгээли 2017-жылы 12 пайыздан 2021-жылы 9 пайызга чейин төмөндөгөн.

Жаштардын көпчүлүгү жумуш издеп башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет, алардын көпчүлүгү КМШ аймагына (негизинен Орусия жана Казакстанга) көчүп кетишет. Жалпысынан мигранттардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн 14-28 жаштагы жаштар түзөт.

14-28 жаштагы жаштардын үлүшү эң жогору шаарлар

(жалпы санына карата пайыз менен)

                         

_______________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү e-mail: gabdullaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 325546, 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Last updating: 12.08.2022, 17:10