КМШ статкызматтын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү

Publications: 26.01.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун катышуусунда Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 64-чү отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө “КМШ Статкомитетинин Төрагасы жөнүндө” маселе каралды. Добуш берүүгө КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети тарабынан Владимир Соколиндин жана Мамлекеттик статистикасынын федералдык кызматы тарабынан Константин Лайкамдын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Көпчүлүк добуш берүүнүн жыйынтыгы менен КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитетинин төрагалыгына үч жылга Лайкам Константин Эмильевичтин талапкерлиги сунушталды.

Отурумдун материалдары КМШнын өкмөт башчылар Кеңешине кароо  үчүн КМШнын Аткаруучу комитетине жөнөтүлдү.

      

     

 


Last updating: 28.01.2022, 09:46