Эркектер аялдарга караганда көбүрөөк акча табышат

Publications: 20.01.2021


2019-жылы эркектердин жумушка орношуу деңгээли (72%) аялдардын арасында (43%) ушул көрсөткүчтөн ашты.

Эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээлинин аялдардын жумуш деңгээлине салыштырмалуу ашып кетиши бардык курактык топтордо, бирок эң олуттуусу - 20-34 жаш курактык топтордо белгиленди. Ушул курактагы аялдар көбүнчө баланын төрөлүшүнө байланыштуу жумуштан кетишет. Бирок ушул 40-54 жаш курак топтогу эркектер менен аялдардын жумушка орношуу деңгээлинин жакындашуусу белгиленет.

Кызмат көрсөтүү секторунда аялдардын жумушка орношуусу жогорку деңгээлде, мында иштегендердин жалпы санындагы алардын салыштырма салмагы ишмердиктин кыймылсыз мүлк менен операциялар (94%), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө кызматтар (81%), билим берүү (79%) сыяктуу түрлөрүндө басымдуулук кылат.

Өндүрүштүк чөйрө тармактарында:  курулушта (98%), тоо-кен казып алууда (97%), жүктөрдү ташуу жана сактоодо (96%), электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылууда (берүү) (85%) эркектер көбүрөөк иштейт.

Жумуштуулук статусу боюнча иштеген калкты бөлүштүрүүсү, өндүрүштүк кооперативдердеги аялдардын үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүн, 2019-жылы 84% ды түзгөнүн көрсөттү (2018-жылы - 27%). Ал эми, тескерисинче, дыйкан (фермер) чарбаларында жалданып иштеген аялдардын үлүшүнүн азайганы (2018-жылдагы 44% дан 2019-жылы 27% га чейин) белгиленген.

2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы (18 724 сом) аялдардын орточо эмгек акысына караганда (14 421 сом) 1,3 эсе жогору болгон.

Аялдар орто эсеп менен 4 саат 30 мүнөткө жакын убакытын үй тиричилигин жүргүзүүгө арнашат, ага күнүгө убактысынын суткалык фондунун 19 пайызга жакынын жумшашат. Эркектердин бул чыгымдары 6,5 пайызды түзөт жана бир сааттан ашык убакытты түзөт. Аялдар балдарына жумасына эки сааттан ашык убакытын бөлөт. Эркектер үчүн бул убакыт болжол менен бир саатты түзөт.

Аялдар жетектеген үй-чарбаларында жакырчылыктын деңгээли эркектер башчылык кылган үй-чарбаларына караганда төмөн.

___________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru, e-mail: social-nsc@mail.ru, тел.+996(312) 664042.

Эмгек жана жумуш менен камсыздоо статистикасы бөлүмү e-mail: jailobaeva@stat.kg  тел.+996(312) 626076.

Үй чарба статистикасы бөлүмү e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg  тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 20.01.2021, 09:46