Улуттук статистика комитети ун жана нан рыногунда баалардын учурдагы абалы тууралуу маалымдайт. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча кыскача обзор

Publications: 01.11.2019


Улутстатком товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө топтомуна байкоо жүргүзөт, ал өзүнө 371 товарды (кызматтарды) (азык-түлүк товарлары - 107, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки - 9, азык-түлүк эмес товарлар - 194, кызмат көрсөтүүлөр – 61 аталышты) камтыйт. Азыркы учурда ай сайын 18 калк жашоочу пункттарда (16 шаарда жана эки айылда) байкоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ай сайын негизде чекене баалардын өзгөрүүлөрүн аныктоо үчүн күрүч, ун, нан, тандыр нан, уй эти, кой эти, жылкы эти, куюлуп сатылуучу сүт, күн карама майы, картошка, кант-шекер, жумуртка, чай сыяктуу социалдык-маанилүү товарларга, ошондой эле А 95, А 92, А 80 бензиндерине жана дизелдик отунга карата бааларды каттоо жүргүзүлөт.

Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөну бирдей шарттарда ишке ашыруну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Бааларды салыштырып талдоо үчүн тандалган конкреттүү бир мезгилге так көнүл буруу зарыл.  Ошондой эле, товарларга байкоо жүргүзүү учурунда конкреттүү аныкталган соода түйүндөрүндө, конкреттүү бир соода ишканаларында жүргүзүү керек. Соода ишканаларында, кызмат көрсөтүүдө, базарларда жана көчөдөгү соодаларда керектөө рыноктогу  (жарандардын айрым категориялары үчүн арзандатылган шарттарда сатыла турган товарларды эсепке албаганда) жана накталай акча менен төлөнүүчү эркин сатуудагы  товардын (кызматтын) иш жүзүндөгү (чекене) баасы (тарифтери) каттоого жатат. Мисалы, кап (мешок) менен сатыла турган кумшекерге жана унга карата бааларды, ошондой эле  байкоо жүргүзүүдө каптардын баасын каттоо сунушталган эмес, ошондой эле калктын айрым категориялары үчүн сатыла турган товарлар боюнча арзандатылган (жеңилдетилген баалар) бааларды каттоо сунушталбайт.

Мекенде өндүрүлгөн товарлар, ошондой эле импорттук товарлар да байкоого алынат. Бааларды жана тарифтерди каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулардын жеке өздөрү барып, бааларды смартфондун жардамы менен  каттоо жүргүзүлөт. Рыноктордо, базарларда жана көчөлөрдө товарлардын сунушталган баалары эмес, товарлардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соодалар абдан жакшы жүрүп жаткан сааттардын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат. Дүкөн-салондордогу (бутиктердеги) бааларды каттоо сунушталбайт, себеби  жогорку деңгээлдеги баадан тышкары, мындай дүкөндөрдө товарлардын келип түшүүсү, эрежедегидей эле, туруктуу түрдө ассортиментин жаңыртуу менен бирден, кичине көлөмдөгү партиялар менен келип түшүп турат, бул  сатылып жаткан товарлардын салыштырмалуулугу боюнча бааларга байкоо жүргүзүү процессин орчундуу түрдө кыйындатат.   

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде, 2018-октябрына карата 2019-жылдын октябрындагы,  2019-жылдын сентябрына карата 2019-жылдын октябрындагы, ошондой эле 2019-жылдын октябрь айынын акыркы эки жумасына карата абалы боюнча республиканын 18 калктуу пункттарында жогорку сорттогу буудай унуна, биринчи сорттогу буудай унунан жана биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нандын  орточо керектөө бааларына талдоо жүргүзүлдү.

Ошентип, 2019-жылдын октябрындагы жогорку сорттогу буудай унунун орточо республикалык баасы 2018-жылдын октябрындагы орточо чекене баасына салыштырмалуу  бир кг үчүн 1,25 сомго же  3,3 пайызга, биринчи сорттогу буудай унунун баасы бир кг үчүн  1,73 сомго же 5,9 пайызга өскөн, ал эми ошол эле мезгил ичинде  нандын баасы 0,01 тыйынга төмөндөгөн.

2019-жылдын октябрында 2019-жылдын сентябрына салыштырмалуу жогорку сорттогу буудай унунун баасы бир кг үчүн 1,42 сомго, же 3,8 пайызга, биринчи сорттогу ундун баасы - 0,73 сом, же 2,4 пайызга, нандын баасы - 0,43 тыйынга, же бир пайызга өскөн.

2019-жылдын октябрында 2019-жылдын сентябрына салыштырмалуу жогорку сорттогу буудай унунун керектөөчү бааларынын максималдуу өсүшү  Ош шаарында (1,95 сом, же 4,5 пайызга), Исфанада (1,81 сом, же 4,7 пайызга) жана Бишкекте (1,76 сом, же 5,1 пайызга) белгиленген. Биринчи сорттогу буудай унунун баалары  Токтогулда (2,07 сом, же 6,3 пайызга), Нарында (2,07 сом, же 7,0 пайызга) жана  Жалал-Абадда (1,98 сом же 6,9 пайызга) шаарларында эң көп жогорулаганы белгиленди.

 

2019-жылдын сентябры жана октябры үчүн республиканын айрым калктуу пунктарында жогорку сорттогу буудай унунун, биринчи сорттогу буудай унунун жана биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нандын орточо чекене баалары

         (1 кг сом менен)

 

 Жогорку сорттогу   буудай уну

 Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 Биринчи сорттогу   буудай уну

 Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 1 сорттогу ундан   жасалган нан

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 2019   сентябрь

 2019   октябрь

 2019   сентябрь

 2019   октябрь

 2019   сентябрь

 2019   октябрь

 

 Кыргыз Республикасы

37,17

38,59

1,42

30,24

30,97

0,73

43,78

44,21

0,43

  Каракол ш.

41,30

41,42

0,12

31,78

31,96

0,18

36,26

36,26

0,0

  Балыкчы ш.

42,43

42,23

-0,2

33,25

33,34

0,09

44,01

44,88

0,87

  Кербен ш.

40,22

40,41

0,19

33,99

35,16

1,17

47,55

47,55

0,0

  Токтогул ш.

35,99

36,82

0,83

33,00

35,07

2,07

56,06

56,06

0,0

  Жалал-Абад ш.

42,27

42,73

0,46

28,55

30,53

1,98

46,64

47,50

0,86

  Жумгал району, Чаек а.

34,00

34,39

0,39

25,00

25,29

0,29

43,96

43,96

0,0

  Нарын ш.

36,25

37,91

1,66

29,68

31,75

2,07

54,55

56,15

1,6

  Исфана ш.

38,88

40,69

1,81

33,44

34,75

1,31

43,72

43,72

0,0

  Баткен ш.

36,59

37,97

1,38

28,05

29,18

1,13

53,34

53,34

0,0

  Кара-Суу ш.

43,66

43,78

0,12

36,74

36,74

0,0

72,79

73,62

0,83

  Ноокат ш.

50,00

50,00

0,0

44,41

44,41

0,0

58,59

58,59

0,0

  Өзгөн ш.

33,20

34,20

1,0

26,25

27,16

0,91

57,87

57,87

0,0

  Манас району Покровка а.

29,76

30,59

0,83

27,76

28,20

0,44

44,09

44,09

0,0

  Талас ш.

33,79

35,01

1,22

31,68

32,58

0,9

37,59

38,82

1,23

  Кара-Балта ш.

35,99

36,54

0,55

28,03

28,40

0,37

37,41

37,76

0,35

  Токмок ш.

43,38

44,07

0,69

34,22

34,90

0,68

38,21

38,45

0,24

  Бишкек ш.

34,71

36,47

1,76

29,42

30,09

0,67

41,57

42,09

0,52

  Ош ш.

43,14

45,09

1,95

31,96

32,33

0,37

49,69

49,69

0,0

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

Белгилеп кетүүчү жагдай, 31-октябрга карата абалы боюнча учурдагы жумалык мониторинги нан азыктарынын жана жогорку жана биринчи сорттогу ун рыногунун стабилдүүлүгү тууралуу күбөлөндүрүп турат.

2019-жылдын 28–31октябрындагы мезгили үчүн 2019-жылдын 21-25 октябры мезгилине салыштырмалуу жогорку сорттогу буудай унуна карата орточо чекене баалары 0,83 тыйынга, же 2,1 пайызга жогорулашы байкалды. Баалардын максималдуу жогорулашы Өзгөн (2,09 сомго, же 6,0 пайызга), Талас (2,04 сомго, же 5,7 пайызга) жана Ош (1,44 сомго, же 3,1 пайызга) шаарларында белгиленди.

Биринчи сорттогу буудай унунун керектөө баасы 0,63 тыйынга, же 2,0 пайызга жогорулады. Эң көп  жогорулоо Чаек айылында (1,72 сомго, же 6,9 пайызга), Каракол шаарында (1,04 сомго, же 3,3 пайызга) белгиленди.  Нандын баасы 0,66 тыйынга, же 1,5 пайызга өстү. Эң көп жогорулоо Балыкчы шаарында – 1 кг. 5,24 сомго, же 11,9 пайызга жана Жалал-Абад шаарында – 3,9 сомго, же 8,3 пайызга жогорулаганы белгиленди.

 

2019-жылдын 21-октябрынан 31-октябрына чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарындагы  жогорку сорттогу буудай унуна жана биринчи сорттогу буудай унуна жана буудай ундан жасалган нанга карата орточо керектөө баалары

 (бир кг, сом)

 

 Жогорку сорттогу   буудай уну 

 Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 Биринчи сорттогу   буудай уну

 Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 1 сорттогу буудай   ундан жасалган нан

 Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 21-25   октябрь   2019

(IVжума)

 28-31   октябрь   2019

(Vжума)

 21-25   октябрь   2019

(IVжума)

 28-31   октябрь   2019

(Vжума)

 21-25   октябрь   2019

(IVжума)

 28-31   октябрь   2019

(Vжума)

Кыргыз Республикасы

39,01

39,84

0,83

31,33

31,96

0,63

44,66

45,32

0,66

 Каракол ш.

41,30

41,99

0,69

31,78

32,82

1,04

36,26

36,26

0,0

 Балыкчы ш.

42,08

41,73

-0,35

33,25

33,79

0,54

44,01

49,25

5,24

 Кербен ш.

40,43

40,46

0,03

35,88

36,14

0,26

47,55

47,55

0,0

 Токтогул ш.

37,24

37,24

0,0

36,00

36,00

0,0

56,06

56,06

0,0

 Жалал-Абад ш.

43,08

43,25

0,17

31,85

32,86

1,01

46,84

50,74

3,9

 Чаек а., Жумгал району

34,60

35,50

0,9

25,00

26,72

1,72

43,96

43,96

0,0

 Нарын ш.

38,89

39,33

0,44

31,94

31,94

0,0

58,51

58,51

0,0

 Исфана ш.

41,23

41,23

0,0

34,64

35,21

0,57

43,72

43,72

0,0

 Баткен ш.

38,90

39,25

0,35

29,82

30,78

0,96

53,34

53,34

0,0

 Кара-Суу ш.

43,94

43,94

0,0

36,74

36,74

0,0

73,93

73,93

0,0

 Ноокат ш.

50,00

50,00

0,0

44,41

44,41

0,0

58,59

58,59

0,0

 Өзгөн ш.

35,01

37,10

2,09

28,25

29,17

0,92

57,87

57,87

0,0

 Покровка а., Манас району

31,62

31,62

0,0

28,91

28,91

0,0

44,09

44,09

0,0

 Талас ш.

35,70

37,74

2,04

33,37

33,70

0,33

39,50

40,62

1,12

 Кара-Балта

36,75

36,98

0,23

28,41

28,70

0,29

38,01

38,07

0,06

 Токмок ш.

44,31

44,31

00,0

35,36

35,36

0,0

38,63

38,76

0,13

 Бишкек ш.

36,82

37,80

0,98

30,41

31,15

0,74

42,86

43,40

0,54

 Ош ш.

46,20

47,64

1,44

32,65

32,80

0,15

49,69

49,69

0,0

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

2018-октябрынан тартып 2019-жылдын 31-октябрына чейинки жүргүзүлгөн талдоого жараша  жогорку сорттогу ундун чекене баасы 3,5 сомго, же 9,2 пайызга өстү, биринчи сорттогу буудай уну - 3,1 сомго, же 10,3 пайыз, буудай унунан жасалган биринчи сортогу нан  - 1,1 сом, же 2,5 пайызга өстү.
               Ошондой эле, баалардын күндөлүк мониторинги боюнча статистикалык маалыматтар Улуттук статистика комитетинин (www.stat.kg) расмий сайтынын башкы бетинде “Баалардын мониторинги”, “Күндөлүк баалар” бөлүгүнүн – Азык-түлүк товарлары жана Күйүүчү–майлоочу материалдар бөлүгүнө саат 16.00 чейин жайгаштырылат. Муну менен бирге “Баалардын мониторинги” бөлүгүндө “Мониторинг жана баалардын талдоосу” аспабы жайгаштырылат, ал бүтүндөй Кыргыз Республикасы боюнча  18 шаарында керектөө бааларынын 56 түрүнө Улутстаткомдун бааларынын толук базасына жете алат. Ал негизги талдоонун жана отчеттуулуктун негизги  функцияларын, ошондой эле маалыматтардын убактылуу катарларынын  женил каралышынын камсыздайт. Таблица түзүү учурунда  маалыматтарды иретин өзгөртүү же сорттоо, талдоо мезгилинин ичинде маанилердин диапазонун минималдуудан максималдууга чейин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар.

________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 


Last updating: 05.11.2019, 17:38