Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2015-жылдын январь-июнундагы тышкы экономикалык ишмердик жыйынтыгын чыгарды

Publications: 11.08.2015


Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү алдын ала маалыматтар боюнча (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде) 2015-ж. январь-июнунда 2707,9 млн. АКШ долларын түздү жана 2014-ж. январь-июнуна салыштырганда 13,5 пайызга азайды. Товар жүгүртүү түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 26,3 пайызы, импорттун үлүшүнө - 73,7 пайызы туура келди.

Экспорттук жөнөтүүлөр 2014-ж. январь-июнунун денгээлине салыштырмалуу 2,6 пайызга азайып, 712,6 млн. АКШ долларын түздү. Товарлардын экспортунун көлөмү алтынды эсептебегенде 31,9 пайызга азайып жана 301,1 млн. долларды түздү.

Импорттук түшүүлөр 2014-ж. январь-июнунун денгээлине салыштырмалуу 16,8 пайызга азайып, 1995,3 млн. АКШ долларын түздү.

2015-жылдын январь-июнунда соода балансы терс сальдо болуп түзүлүп, 1282,7 млн. АКШ долларын түздү (2014-ж. январь-июнунда – 1667,6 млн. доллар).

__________________________________________________________________________________________________

 

Тышкы экономикалык

ишмердик статистикасы                           |e-mail:gsulaimanova@stat.kg;            |тел. + 996 (312) 324726

бөлүмү                                                    |e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;        |тел. + 996 (312) 324637

                                                      

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 12.08.2015, 09:15