"Кыргыз Республикасында укук бузуулар жана укук тартиби 2014-2018" статистикалык жыйнагынын көрсөтүүгө арналган тегерек стол өткөрүлдү

Publications: 11.12.2019


АКШ Элчилигинин/INL жана БУУнун тынчтык куруу Фондунун, ошондой эле "Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун коомдук фондунун" техникалык көмөктөшүүсүнүн алдында, Кыргыз Республикасындагы БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматташуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан даярдалган "Хаятт Ридженси" отелинин конференц-залында "Кыргыз Республикасында укук бузуулар жана укук тартиби 2014-2018" статистикалык жыйнагынын көрсөтүүгө арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жооптуу кызматкерлери, АКШ Элчилигинин/INL, эл аралык уюмдардын, жарандык сектордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө Улутстаткомдун төрагасынын орун басары А. Оросбаев "Бул жыйнакты толук укукта өзгөчө деп атоого болот, анткени бул жыйнак кылмыш-жаза жана администрациялык мыйзамдардын эски редакциясына ылайык иштелип чыккан маалыматтарды камтыган акыркы жыйнак болуп саналат. Ал эми азыр статистика органдарынын алдында статистикалык эсепке алуунун, отчеттуулуктун жана укуктук статистиканы талдоонун бүтүндөй системасын өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгы турат".

 

 

_________________________________________________________________________

Отдел социальной                e-mail: j.rahmanova@stat.kg               тел.+996 (312) 324652

статистики                             e-mail: social-nsc@mail.ru                  тел.+996 (312) 664042

 

При использовании статистических данных в средствах массовой информации и научных трудах, распространении в информационных сетях, на бумажных, магнитных и иных носителях пользователи обязаны ссылаться на их источник (ст. 17 Закона о Государственной статистике).


Last updating: 13.12.2019, 14:01