Улуттук статком ТӨМдүн көрсөткүчтөрү боюнча семинар өткөрдү

Publications: 12.11.2019


2019-жылдын 6-ноябрында Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жыйындар залында Улуттук статистикалык комитет техникалык семинар өткөрдү. Ага БУУнун статистикалык бөлүмүнүн эл аралык консультанты Владимир Мархонько, КР Өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, илимий коомчулуктун жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышты. Семинар «Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн маалыматтар жана метамаалыматтар» темасына арналды.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө жыйындын катышуучуларына Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын (ТӨМ) глобалдык жана улуттук көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу, ТӨМдүн көрсөткүчтөрү боюнча метамаалыматтарды түзүү жана таратуу боюнча эл аралык сунуштамалар жөнүндө маалыматтар берилип, ошондой эле алар Кыргыз Республикасындагы ТӨМдүн мониторингинин «Жол картасынын» долбоорун да талкуулашты.

 

 


Last updating: 13.11.2019, 14:06