Улуттук статистика комитети өз ардагерлерин куттуктады

Publications: 01.10.2019


Бүгүн, 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата, КР Улуттук статистика комитети статистика тармагына эмгегин, өмүрүн арнаган ардагерлерге майрамдык маанай тартуулады.

Ардагерлер менен жолугушууда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орунбасары К. Исалиев жана аппарат жетекчиси Э. Алымкулова ардагерлерди бүгүнкү майрамы менен куттукташып, аларга узун өмүр, бекем ден соолук каалашты.

Бүгүнкү майрамдык жолугушууга статистика тармагында эмгектенип кетишкен кырктай ардагер катышып, майрамдык маанай тартуулагандыктары үчүн Улуттук статистика комитетинин жетекчилигине, профсоюз комитетине ыраазычылык билдиришти.


Last updating: 01.10.2019, 17:42