Улутстатком КРнын региондорунда санариптештирүү маселелери боюнча семинар өткөрүүгө катышты

Publications: 30.09.2021


  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбалары жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жана Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте 2021-жылдын 6-сентябрынан 24-сентябрына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу алдында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчылары жана шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары үчүн: “Санариптештирүүнүн алкагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын өнүктүрүү» темасында окутуу семинарын өткөрдү.        
  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин семинарга катышуусунун максаты, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жаңы шайланган жетекчилерге Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мониторингин жана баалоо системасын түзүү, региондорду өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча аймактык бийлик органдарынын ишин мүнөздөгөн анын индикаторлору жана критерийлери жөнүндө маалымат берүү болуп саналды, бул негизги блоктор: калктын жашоо сапаты, социалдык өнүгүү, экономика, бизнес чөйрөсү, инвестициялык климат, инфраструктура ж.б. боюнча региондордун өнүгүүсүнө баалоо берүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле анын негизинде республиканын шаарларынын жана региондорунун өнүгүүсүнүн рейтинги жүргүзүлөт.                                                                                           
Мындан тышкары, семинарда «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалымдар базасынын толукталышына талдоо жүргүзүлдү жана жер-жеринде аны ишке киргизүү көйгөйлөрү изилденди.

__________________________________________


Региондук статистиканы жана сапатын өнүктурүү бөлүмү   |e-mail:   azharkynbaeva@stat.kg:  тел. + 996 (312) 664211. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Last updating: 01.10.2021, 13:02