Улутстатком Кыргыз Республикасындагы балдардын жакырчылыгына баалоо жүргүздү

Publications: 24.12.2021


​Улутстаткомдо мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасындагы балдардын көп өлчөмдүү кедейчилик индексин жана балалыктын негизги көрсөткүчтөрүн баалоонун жыйынтыктары боюнча семинар болуп өттү.

Иш-чараны ачып жатып, Улутстаткомдун аппаратынын жетекчиси Эльмира Алымкулова семинардын максаты бул балдардын абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы балдардын кедейчилигинин көп кырдуу индексине мониторинг жүргүзүүнүн инструменттери жөнүндө маалыматтардын обзору экенин белгиледи. «Буга чейин Улутстатком абсолюттук кедейчиликтин көрсөткүчтөрүнүн эсептөөлөрүн жүргүзүп келген, бирок республика туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алгандан кийин андагы милдеттердин бири бардык курактагы эркектердин, аялдардын жана балдардын кедейчилиги боюнча үлүшүн эң аз дегенде жарымына чейин кыскартуу болуп саналган, 2030-жылга карата улуттук аныктоолорго ылайык, Улутстатком кедейчиликтин көп кырдуу индекстерин эсептөөгө жана эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө киришти» - деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде социалдык саясат боюнча ЮНИСЕФтин программасынын жетекчиси Гульсана Турусбекова ЮНИСЕФтин Улутстатком менен көп кырдуу кедейчиликти баалоо,

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун кызматкерлери катышуучуларга балдардын жана өспүрүмдөрдүн демогрфиялык өзгөчөлүктөрү, алардын ден соолугу, билими, социалдык жактан корголушу жана укук бузуулар боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында айтылган маалыматтар боюнча пикир алмашуулар болду, бир катар суроолор берилдижана аларга Улутстаткомдун кызматкерлери жооп беришти.

***

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервьюну уюштуруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыныздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg
Адрес: ул. Фрунзе 374 (кесилиш көч. Т. Молдо).


Last updating: 27.12.2021, 13:00