Улутстатком калктын санынын эсебин жүргүздү

Publications: 12.04.2019


Кыргыз Республикасынын калкынын саны 2019-жылдын башына карата 6 млн. 389 адамды түздү.

Туруктуу калктын үчтөн бир бөлүгү (34 пайызын) шаарда, үчтөн эки бөлүгү (66 пайызы) айылдарда жашашат.

Республиканын  калкынын маанилүү мүнөздөмөсү, калктын курактык топторунун эмгекке жарамдуудан жаш куракта, эмгекке жарамдуу куракта жана эмгекке жарамдуу курактан улуу курактагылардын арасындагы катышы саналат.

2019-жылдын башына карата калктын жалпы санынын үчтөн көбүрөгүн (34 пайызы) балдар жана өспүрүмдөр, 58 пайызга жакынын эмгекке жарамдуу курактагылар жана 8 пайызга жакынын эмгекке жарамдуу курактан улуу курактагылар түздү.

Өлкөдө 100 ашык улуттагы элдер жашайт, (2019-ж. карата баалоо боюнча) алардын ичинен кыргыздар - 4 млн. 696 миң адам (73,5 пайыз), өзбектер - 941 миң адам (14,7 пайыз) жана орустар -349 миң адамды (калктын жалпы санынан 5,5 пайызын) түздү.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан 2019-жылдын 1-январына карата  республиканын, облустардын, райондордун, шаарлардын жана шаар тибиндеги кыштактардын туруктуу жана болгон, шаар жана айыл калкынын санынын эсеби жүргүзүлдү, жана  2009-2019-жылдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын айрым улуттар боюнча саны жөнүндө маалыматтар даярдалды. (Статистика → Калк → Ыкчам маалымат жана Динамикалык таблицалар бөлүмүнөн караңыздар).

________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү          e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 15.04.2019, 16:24