Улутстатком алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча окутуу семинарларын өткөрүп жатат

Publications: 20.11.2018


БУУнун  Фондунун калк тармагында (ЮНФПА) «Демографиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана таркатуу жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика  системасын бекемдөө» долбоорунун  алкагында, Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен, Улуттукстаткомдо эки күндүк этап боюнча облустук (шаардык) мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчилери, алардын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча орун басарлары, райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилери, эл жана турак жай фондун каттоо боюнча сектор башчыларын 2018-жылдын 20-ноябрынан 30-ноябрга чейинки мезгилде окутуу семинарлары башталды.

Бул семинардын катышуучуларын каттоонун ченемдик-укуктук актыларын жана кезектеги каттоонун Календардык  иш планын, эл жана турак жай фондун каттоо боюнча орун басарларынын жана сектор башчыларынын кызматтык милдеттерин, Кыргыз Республикасында даректерди берүү жана Даректик регистрди алып баруу боюнча иштер менен камсыздоону окутуп үйрөтүү күтүлүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча регистратордук участокторду жана каттоо бөлүмдөрүн түзүү боюнча www.darek.kg  порталында иш  жүзүндө үйрөтүлүп, көрсөтүлүп  жана окутулат.   

 

Статистикалык каттоолор жана демографиялык статистика башкармалыгы   

e-mail: azharkynbaeva@stat.kg:   тел. + 996 (312) 664211.


Last updating: 21.11.2018, 11:23