Улутстатком “Бардыгы үчүн статистика” темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Publications: 01.11.2017


Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “Бардыгы үчүн статистика”  темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Иш-чарада саламдашуу менен, Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев сөз сүйлөп, мамлекеттик статистиканын борбордук максаттарынын бири - бардык категориялардагы колдонуучуларга статистикалык маалыматка бирдей жеткилик берүү жана алардын ишенимин жогорулатуу болуп эсептелерин белгиледи. Улуттук статистика комитети, берилип жаткан статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана аны ыңгайлаштыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Иш-чара министирликтердин жана административдик мекемелердин, окуу жайларынын, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун, ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.

Улутстаткомдун жооптуу кызматкерлери катышуучуларга,  “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясын тааныштырышты, ошондой эле, статистикалык маалыматтарды таратуунун заманбап методдору жөнүндөгү маалыматтарды камтыган, жашоо минимуму, орточо айлык акы, республиканын тышкы соодасы жана улуттук деңгээлде Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын индикаторлорун адаптациялоо жана байкоо жүргүзүү жөнүндө бир катар презентацияларды көрсөтүп беришти. 

Презентациялар:

“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясы жөнүндө

Улутстаткомдун практикалык ишмердигинде статистикалык маалыматты таратуунун заманбап методдору

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары: Улуттук деңгээлде индикаторлорго байкоо жүргүзүү жана адаптациялоо

Ортоайлык айлык акы: суроолор жана жооптор

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграциясы: цифралар жана фактылар

 

 


Last updating: 01.11.2017, 15:18