Улутстатком “Кыргызстанда ар бир адам – маанилүү” девизи менен Ачык эшик күнү өткөрүлдү

Publications: 25.11.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жылда өткөрүлчү “Кыргызстанда ар бир адам – маанилүү” девизи менен Ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага UNFPAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, калаабыздын жогорку окуу жайларынын студенттери менен журналистер катышышты.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов ачып, өзүнүн кириш сөзүндө соңку мезгилде статистикалык маалыматтар менен колдонгондордун саны кыйла өсүп жаткандыгын баса белгилеп, айрыкча мамлекеттик органдар, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар, компаниялар, окуу жайлар жана изилдөөчү уюмдар, жалпыга маалымдоочу каражаттар, жарандар, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өкүлчүлүктөр арасында статистикалык маалыматтардын ролу өсүп жаткандыгына токтолду. Ал ошондой эле статистика органдарынын бирден бир маанилүү милдеттери катары статистикалык маалыматтардын колдонучуларынын бардык категорияларына бирдей шартта маалыматтар менен камсыздоо жана алардын статистика органдарына болгон ишеничин бекемдөө  болуп саналаарын баса белгилей кетти.

Иш-чаранын катышуучуларына өзүнүн кириш сөзү менен UNFPAнын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин өкүлү Азамат Баялинов кайрылып, келерки жылдын жазында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондун каттоо – өтө маанилүү окуя экендигин белгиледи. Ошондой эле ал иш-чаранын катышуучуларына UNFPAнын аткарып жаткан алгылыктуу иштерине токтолуп, өз сөзүндө гендердик иретте бөлүнгөн статистиканын маанилүүлүгүнө басым жасады.

Өз кезегинде Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын конокторуна республикабызда 2022-жылы өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондун каттоого көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу айтып беришип, республикабыздын демографиялык абалы, жардылыктын деңгээли, товарларга болгон баалардын өзгөрүлүшү сыяктуу кеңири маалыматтарды камтыган презентацияларын сунушташты.

 Андан тышкары, UNFPAнын техникалык көмөгү менен басылып чыккан “Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери” статистикалык басылманын жаңыланган нускасынын бет ачары өткөрүлдү.

                        


Last updating: 25.11.2021, 16:54