Улутстатком КОМП-6 жыйынтыктоочу отчету боюнча иш-чара өткөрдү - ФОТО

Publications: 17.05.2019


Бүгүн, 2019-жылдын 17-майында, “Дамас” мейманканасынын конференц-залында Улуттук статистика комитети КОМП-6 Көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча Кластердик изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчетун берүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн аппаратынын, министиликтеринин жана мекемелеринин жооптуу кызматкерлери, ЮНИСЕФтин, ЮНПФАнын, ЮСАИДдин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын катушуучуларына саламдашуу менен кайрылып, Улутстаткомдун төрагасы А. Султанов: “изилдөө боюнча берилип жаткан отчеттон ар бир адам учурдагы кырдаалды талдоо, жаңы программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу жана өз кезегинде аялдардын жана балдардын абалын жакшыртууга максатталган, учурдагы пландардын жана программалардын иш-аракеттеринин планын түзүү жана жакшыртуу үчүн өзүнө керектүү маалыматтарды таба алат” - деп белгиледи.

КОМП-2018 – бул МИКС эл аралык программасынын алтынчы раунду  жана биздин республикадагы буга окшогон изилдөөнүн төртүнчүсү болуп эсептелет. Изилдөө 4-5 жылда бир жолу жүргүзүлгөндүктөн талдоочулар жана адистер көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзө алышат.

Көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча Кластердик изилдөө, эл аралык методологияга негизделип, эненин жана баланын саламаттыгын сактоо тармагында, аялдардын жана балдардын абалы жөнүндө объективдүү маалыматты алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн берет, алар:

- Балдардын өлүмү;

- Ымыркайдын жана эненин ден-соолугу;

- Балдардын ден-ссолугу, тамактануусу жана өнүгүүсү;

- Окутуу;

- Балдардын тарбиясы. Зомбулуктан жана иштетүүдөн сактоо;

- Коопсуз жана таза чөйрөдөгү жашоо;

- Жашоодогу мүмкунчүлүктөрдүн тендиги;

- ТӨМ индикаторлору.

Жалпысынан, иш-чара жаратман эмгекчил маанайда өттү.

В целом, мероприятие прошло в созидательной рабочей обстановке.

 


Last updating: 20.05.2019, 08:52