Улутстатком аймактык мамлекеттик статистика органдарынын адистери үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Publications: 20.09.2018


Семинардын негизги максаты статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистрин жүргүзүүгө жана актуалдаштырууга адистерди окутуп даярдоо болгон.   

Ушул темага карата семинар 2003-жылы акыркы жолу өткөрүлгөндүгүн белгилей кетсек болот. Ушул семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү чакырылды. 

Семинарга  АМСОнун 80ге жакын адистери катышты, семинарда жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо жүргүзүү учурунда каттоочу орган тарабынан кетирилген каталарга тиешелүү маселелер да каралды. 

Facebookдагы биздин расмий барак

 


Last updating: 20.09.2018, 14:29