Улутстатком кеңейтилген коллегия өткөрүп, 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Publications: 13.02.2020


Улутстаткомдо  Мамлекеттик статистика органдарынын 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, Улутстаткомдун ведомстволук, облустук жана шаардык мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын катышуучларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кайрылып, мамлекеттик статистикалык органдардын астында турган маанилүү тапшырмаларга токтолду. Атап айтканда, 2020-жылдын март айында өтө турган эл жана турак жай каттоо ишин өткөрүү, статистикалык отчеттордун формаларын электрондук форматка өткөрүү, санарип технологияларды киргизүү менен статистикалык комитеттин ишин жакшыртуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтары менен кызматташып, тышкы жана өз ара соода статистикаларын шайкеш келтирүү керектигин белгилеп өттү.

Андан кийн Акылбек Султанов Улутстаткомдун 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттери жөнүндө доклад жасады. Айтымында 2019-жылы 2015-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасынын иш-чараларын ишке ашыруу боюнча иштер аяктады. Анын жыйынтыгында «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы иштелип чыкты жана кабыл алынды. Ал 2020-жылдын июль айында ишке кирмекчи.

 Төрага билдиргендей, 2020-жылдын март айында боло турган эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана анын жыйынтыгын жайылтуу иштери Улутсаткомдун маанилүү тапшармалардын бири болуп саналат. Анын айтымында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, калкты каттоо биринчи жолу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Сөзүнүн жыйынтыгында Акылбек Султанов Улутстаткомдун 2020-жылдагы өнүгүүнүн негизги багыттарын атады. Алар:

- республиканын жана анын региондорунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларынын иш-чараларын аткаруу;

- үстүдөгү жылга Статистикалык иштердин программасын ийгиликтүү жана сапаттуу аткаруу;

- 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана жыйынтыгын жайылтуу;

- "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.

Коллегиянын жыйынтыгында мыкты кызматкерлеринин эмгеги бааланып, Улутстаткомдун жана аймактык статистикалык органдардын өкүлдөрүно диплом тапшырылды.

****

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Асель Акматалиевага кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg

 

 

 


Last updating: 14.02.2020, 17:28