Улутстатком Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча семинар өткөрдү

Publications: 17.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана БУУнун расмий статистика чөйрөсүндөгү Негиз болуучу принциптерин практикалык колдонуу боюнча семинар өткөрдү.

Семинарга БУУнун Статистика бөлүмүнүн Региондор аралык Кеңешчиси Габриэл Гамез, Улутстаткомдун жетекчилиги, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, банк-финансы чөйрөсүнүн, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери катышты.

Бул семинардын максаты кызыкдар тараптарды - Улутстаткомдун негизги колдонуучуларын негизделген чечимдерди кабыл алууда расмий статистиканын ролу жана мааниси, ошондой эле жакынкы беш жылга расмий статистиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары менен тааныштыруу болуп саналат.

Семинардын ишин Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Самат Насирдинов ачып, республиканын маалыматтык жана санариптик өнүгүүсү үчүн ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтарга суроо-талап күчөгөн мезгилде мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле негизделген чечимдерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын нормаларын андан ары практикалык ишке ашыруу үчүн расмий статистиканын ролун тактоодо эксперттик жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 Өз кезегинде, Гамез мырза семинардын катышуучуларына кайрылып, сапаттуу маалыматтарды өндүрүү үчүн расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоо зарылдыгы, ошондой эле улуттук статистикалык системаны башкарууда алдыңкы өндүрүүчү катары Улутстаткомдун координациялоочу ролу, мындан тышкары, Статистика боюнча Кеңеш, расмий статистиканын стратегиялык өнүгүүсү боюнча пайдалануучуларга кеңеш берүүчү негизги консультациялык орган катары белгиледи.

Мындан тышкары, респонденттердин отчеттук жүгүн азайтуу үчүн статистикалык максатта административдик маалыматтарды пайдалануу боюнча Улуттук статистикалык комитеттин мамлекеттик органдар менен кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды.

Семинардын алкагында Улутстаткомдун статистиканы уюштуруу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ермекбаева семинардын катышуучуларына расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоору жана жакынкы беш жылдыкка Улутстаткомдун ишинин негизги стратегиялык багыттары жөнүндө маалымат берди.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорду башкаруу боюнча менеджери Өмүрбек Ибраев Дүйнөлүк банктын «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун статистикалык компоненттери боюнча баяндама жасады.


Last updating: 17.12.2021, 17:33