Улутстатком алдыдагы пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү маселелери боюнча окутуу семинарларын өткөрүүдө

Publications: 13.03.2019


БУУнун  Фондунун калк тармагында (ЮНФПА) «Демографиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана таркатуу жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика  системасын бекемдөө» долбоорунун  алкагында, Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен, Чүй облусунун Токмок шаарында үч күндүк этап, этап боюнча Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы  пилоттук (сынамык) аймактардагы – Чүй облусунун Чүй районунун жана Токмок шаарынын координаторлорун, инструктор-көзөмөлдөөчүлөрүн жана каттоочуларын 2019-жылдын 11-мартынан 13-мартына, андан кийин 15-марттан 17-мартка жана 18-марттан 20-мартка чейинки мезгилдерде окутуу семинарлары башталды.

Бул семинардын катышуучуларынын алдында координаторлордун, инструктор-көзөмөлдөөчүлөрдүн жана каттоочулардын каттоо китепчелерин, ошондой эле алардын милдеттерин жана каттоо формаларын толтуруу тартибин окуп үйрөнүү турат.

_______________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү  e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;  тел. + 996 (312) 32 53 36


Last updating: 13.03.2019, 09:07