Улутстатком гендердик зордук-зомбулук жана адам сатууга байланыштуу статистиканы чогултуу жана талдоо системасын жакшыртуу боюнча семинарларды өткрүп жатат

Publications: 20.11.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча  Кыргыз Республикасындагы БУУ башкармалыгынын жана БУУнун "БУУ-Аялдар" программасы боюнча гендердик теңдикти жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча Түзүмүнүн колдоосу алдында  аймактык мамлекеттик статистика органдарынын жана калкка социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтүүчү уюмдардын кызматкерлери үчүн семинарларды өткөрүп жатат.

Өткөрүлүп жаткан семинарлардын негизги милдеттери болуп, маалыматтарды чогултуунун жана гендердик кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулук жана адамдарды сатуу боюнча отчеттуулукту даярдоонун жүрүшүндө облустук, райондук (шаардык) мамлекеттик статистика органдарынын жана аксакалдар сотторунун кызматкерлеринин дараметин (потенциалын) жогорулатууга байланышкан маселелер саналат.

Семинардын катышуучулары  ушул чөйрөдөгү эл аралык конвенциялардын жана улуттук мыйзамдардын негизги жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык, гендердик зомбулуктун түрлөрүн, адамдарды сатуунун формаларын аныктоо методологиясы менен таанышышат.

Окутуу иш-чаралары 2015-2019-жылдарга карата Борбор Азия өлкөлөрү үчүн баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча  БУУ башкармалыгынын Программасынын (БУУ УНП),  Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы иш-аракеттер боюнча Программасынын компонентинин алкагында өткөрүлүп жатат.

Презентациялар:

Кыргыз Республикасында гендердик статистиканы жана адам сатуу боюнча статистиканы ɵнүктүрүү;

Кыргыз Республикасындагы гендердик профил;

Гендердик статистика жана адам сатуу боюнча статистика маселелери боюнча эл аралык документтер жана улуттук мыйзамдар;

Гендердик зомбулук жана адам сатуу: түшүнүктөрү жана түрлөрү;

Кыргызстандагы адам сатууга байланыштуу кылмыштар боюнча сот тажрыйбаларына изилдөө жүргүзүү отчету;

Гендердик статистика жана адам сатуудагы эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик отчеттуулук формалары.


Last updating: 22.11.2018, 16:20