Улуттук статистика комитети эл аралык өнөктөштүгү менен бирге мектепке чейинки билим берүүгө инвестицияларды баалоону жүргүзөт

Publications: 29.10.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика Комитети Кыргыз Республикасынын «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Өкүлчүлүгү, ошондой эле башка жакын эл аралык уюмдар менен биргеликте мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу инвестицияларына жана анын Кыргызстандагы салыктык кирешелердин, жумуш орундардын өсүшүнө жана гендердик теӊчиликке болгон таасирине баа беруу максатында жаңы изилдөөнү ишке ашырууга киришти.

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Финляндиянын ден соолук жана социалдык камсыздоо улуттук институту менен биргеликте ишке ашырылып жаткан туруктуу жана ар тараптуу социалдык коргоо системаларын түзүү боюнча Кыргызстандагы Европа Биримдиги тарабынан өткөрүлүп жаткан глобалдык долбоорунун бир бөлүгү катары 2018-жылдын октябрь айынан декабрь айыннын мезгилине чейин чейин өтүүсү пландаштырылууда. Аталган изилдөө 2017-жылы пилоттук долбоор катары Түштүк Африка Республикасында, Уругвай жана Түркия мамлекеттеринде ийгиликтүү түрдө өттү.

Эльмира Алымкулова, КРнын Улуттук статистикалык комитетинин аппарат жетекчиси, 2018-ж. 10-октябрында өткөн иш чаранын жүрүшүндө: «Улуттук статистика комитети статистика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча негизги ролду ойногону менен, Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүүгө көзөмөл жүргүзүү боюнча улуттук орган болуп санала тургандыгын белгилей кетүү керек» экендигин билдирди.

«Баланын өмүрүнүн алгачкы жылдарындагы инвестициялары - бул мамлекет тарабынан эң натыйжалуу капиталдык салымдары болуп саналат. Экономикалык моделдөө аркылуу, бул изилдөө мектепке чейинки жаштагы балдардын толук камтуу үчүн инвестициялардын үч болжолдуу сценарийларын жана анын Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө кандай таасир берүү жагдайларына байкоо жүргүзөт», дейт Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгнун кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн.

Кыргызстандагы "БУУнун Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Геральд Гюнтер белгилеп кеткендей: «Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жалпыга жеткиликтүү жана жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартибинде коюлган максаттарына жетүүсүн тездетет. Мектепке чейинки билим берүү өлкөдөгү бир топ сапаттуу жана жогорку акы төлөнүүчү жумуш орундардын өсүшүнө алып келгени менен, эмгек миграцияга альтернатива бар экендигин билдирет».

Изилдөөнүн жүргүзүлүшү боюнча кошумча маалымат алуу учун, Улуттук статистика комитетинин социалдык статистика бөлүмүнө (тел. 66-40-42, е-mail: gabdullaeva@stat.kg), ошондой эле Кыргыз Республикасындагы «БУУ-нун Аялдар» түзүмүнүн коомчулук менен байланышуу боюнча адистиги Мериза Эмилбековага, кайрылсаңыздар болот: (тел:0770-07-85-25, е-mail: meriza.emilbekova@unwomen.org).

 


Last updating: 29.10.2018, 13:31