Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомдун төрагасы болуп дайындалды

Publications: 10.12.2021


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Самат Насирдинов Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Бүгүн, 2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатына жаңы жетекчи Бактыбек Кудайбергеновду тааныштырды.

Улутстаткомдун жамаатынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Бактыбек Кудайбергенов жамаат менен биргеликте алгылыктуу иш алып барышына жана Улутстаткомдун алдында коюлган маанилүү максаттарды чогуу жүзөөгө ашыруу ниетин билдирди.


Last updating: 10.12.2021, 11:34